Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “ӨЛКӨГӨ ТАРТИП ОРНОТЧУ МЕЗГИЛ КЕЛДИ”


Өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Жалалабат облусунда болгон учурда “Азаттыктын” кабарчысына экс-президент Аскар Акаев менен анын үй-бүлөсүнө жана экс-өкмөт башчы Николай Танаевге байланыштуу жүргүзүлүп жаткан кылмыш иштеринин абалы тууралуу айтып берди. Башкы прокурор өлкөдөгү абалга да токтолуу менен ички тынчтыкты бузууга март ыңкылабына каршы адамдар түрдүү аракеттерин көрүп жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары Аксы окуясына байланыштуу маселелер жөнүндө да сөз болду.

- Азимбек мырза, экс-президент Аскар Акаев менен үй-бүлөсүнө карата ачылган кылмыш иштеринде кандай жагдайлар аныкталууда?

- 50 пайызы бүтүп калды. Чет өлкөдөгү үй-мүлк, акча каражаттарын таап, Кыргызстанга алып келүү кыйын болуп атат. Ал эми Кыргызстандын ичиндеги үй-мүлкүнүн бардыгы аныкталып, мамлекетке өткөнү мамлекетке өтүп, айрымдары өздөрүнө калтырылып атат. Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу иши боюнча, азыр депутаттар улуу Айдар Акаевдин ишин кылмыш жообуна тартканга макулдук берсе, аны бир айдын ичинде бүткөрүп, сотко өткөрүп беребиз. Ал эми Адил Тойгонбаев Казакстандын атуулу болгондугуна байланыштуу анын ишин өзүбүзгө алуу кыйын болуп атат. Бирок кылмыш иши 15-20 күндүн ичинде аяктайт. Биз Минск конвенциянын негизинде ишти Казакстанга өткөрүп беребиз, ошол жактан соттогула деп. Андан башка Аскар Акаевдин өзүнө дагы бир топ эпизоддор менен кетип атат, октябрь айында Жогорку Кеңештен экс-президент дегенди алып бергиле деп сунуш кылышыбыз мүмкүн.

- Экс-өкмөт башчы Николай Танаевге каршы ачылган иштердин абалы кандай?

- Мурдагы өкмөт башчыбыз кызмат абалынан пайдаланып мамлекеттик бюджеттик акчаны жеке максатсыз, туура эмес жактарга багыттап жумшап жиберген. Мисалы, пособие, пенсия бере турган 3 млн. сомду Ишкер борбор дегенге иштетип жиберген. Дагы бир 18 млн. ошондой эле акчаны биринчи президенттин үйүнө жумшап жиберген. Көп министрликтердин акчасын башка жактарга иштеткен. Мисалы, президенттин Аларчадагы курулган үйү 300 канча миллионго турат деп атат, мына ошол үй МЧСтин акчасына курулган. Ошол убактарда элдерге акча жок деп коюп, сел бузган жол, көпүрөлөр бүтпөй турат. Мына иш ушундай 4 эпизоддон кетип атат.

- Март ыңкылабынан кийинки беш ай ичинде мамлекетте эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок деп айттыңыз. Ошол өзгөрүүгө кандай нерселер тоскоолдук кылып атат?

- Негизинен шайлоо дайындалып, шайлоо кампаниясы жүргүзүлүп, өкмөттүн бардыгы убактылуу болуп, ошого байланыштуу иш токтоп турду. Мына инаугурация, шайлоо болуп өттү, 90 пайыздан ашык эл Курманбек Салиевчке ишеним көрсөткөндөн кийин эми иштеш керек, тартипти орнотуш керек, саясатты токтотуш керек. Эгер андай кылбай турган болсок, анда Кыргызстан дагы саясатташып, эч жыйынтык келбейт. Ошондуктан биринчи кезектеги максатыбыз президенттин дагы, өкмөттүн дагы башка административдик органдардын баардыгынын максаты бирөө гана болуш керек. Бул өлкөбүзгө тартипти орнотуп, элдин турмуш тиричилигин жеңилдетүү жаатында иштеш керек.

- Өлкөдөгү азыркы кырдаалга кандайча баа бересиз?

- Мен Баткен, Ош, Жалалабат облустарын кыдырып атам. Эгерде кечеги күнкү Карасуудагы болгон окуяны кошпогондо негизинен өлкөдө абал стабилдүү деп айтса болот. Оңолбогону, жаңыланбаганы, мурдагыдай эле тартипте иштеп атканыбыз чиновниктердин кайдыгерлигинен...

- Бийлик чөйрөсүндө криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү аралашып кетти дедиңиз. Ошолордон тазалоо үчүн Башкы прокуратура кандай аракеттерди көрөт?

- Башкы прокуратура жакында эгерде, ички иштер министрлиги бекитилип кала турган болсо биринчи кезекте координациялык кеңешти өткөрөбүз. Күч органдары бирдиктүү программа иштеп туруп, ошол кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен ишти алып барууну жалпы бирдиктүү катуу аракет кылабыз. Бул даярдалып коюлган. Ички иштер министрин бекитип берсе эле шарт өткөргөнү жатабыз. Экинчиси, ошону журналисттердин, коомчулуктун, элдин алдында ар бир кылган ишибизди ачыкка чыгарып туруп, коомчулукту дагы тартып, алардын жардамы менен ушуларды жок кылалы деп, аракеттенип атабыз.

- Аксы окуясына тиешеси бар деген жетекчилерди жоопко тартуу боюнча кылмыш ишинин абалы кандай?

- Атайын тергөө тобу иштеп атат. Негизинен тергөө багыты чоң мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мурда сурак бербеген адамдар азыр сурак берип атат Карыпкуловдан баштап район жетекчилерине чейин. Негизги максат ушул жаатта болуп атат. Экинчи тергөөнүн багыты ким ушуга жол берген, ким, кайсы жерде иштеп чыккан? Мына ушул эки маселенин үстүнөн азыр иштеп атабыз. 60 пайыз тергөө иши бүтүп калды. Азыр топ Жалалабат облусунда жүрүп атат. Ушулар баргандан кийин биринчи баскыч боюнча жыйынтыктоо чыгарабыз. Дагы изилдеп чыгып туруп, тергөө тобунун экинчи этабын баштайбыз.

- Коомчулук билгендей, мурда Аксы окуясы боюнча кандайдыр бир адамдар соттолгон. Бирок кайра Аксы окуясы боюнча кылмыш козгоонун максаты эмнеде?

- Аксы окуясы боюнча кылмыш козголгон жок. Алты адамдын өлүмү боюнча ошол убакта деле козголгон эмес. Биз кыскартып, токтотуп койгон ишти кайра жандандырдык. Ал эми мурда митинг, пикет өткөрүүгө жолтоо болду деген ишин соттон алган деле жокпуз. Берки жоопко тартыла турган адамдар табылбай жатат деп, токтотулган иштер бар болчу. Ошону гана жандандырдык, жаңы иш козгогон жокпуз.

- Маегиңизге ырахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG