Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

КАРАКЕЧЕГЕ БАЙЛАНЫШКАН ТАЛАШ УЛАНУУДА


«Акулак» көмүр кениндеги жагдай бир жаңсыл чечиле элек. «Көмүр» мамлекеттик ишканасы Каракечедеги кенди толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүү кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу деп эсептейт. Ошол эле учурда көмүр иштетүүчү Каракечедеги беш ишкананын төртөө мамлекеттик ишкананы зордук-зомбулугу үчүн айыптап, өкмөткө кайрылып жатышат.

«Көмүр» мамлекеттик ишкана директору Пайзулла Рахманов Каракечедеги көмүр кенин учурда иштетип жаткан «Акулак» акционердик коомунун дарегине айтылган бардык сын пикирлерди жокко чыгарды:

- Нурлан Мотуев ишти уюштура алды. Азыр көмүргө автоунаалардын кезеги жок. Көмүрдүн казылышы жетиштүү. Бардыгы иштеп жатат.

Ошондуктан, Рахманов Мотуевди элдин көңүлүнө төп келген жана мыйзамдуу жетекчи катары санайт. Ал «Акулак» акционердик коомунун башчылыгына июнь айындагы нааразылык акцияларынан кийин убактылуу дайындалып, кийинчерээк аны акционерлер коому кезексиз жыйынында биротоло бекиткен. Пайзулла Рахманов мындай кадам жагдайды тынчтык жол менен жөнгө салуу максатында жасалганын айтат.

Июнь айында уюштурулган акцияда Нурлан Мотуев катарына кирген нааразы тарап Каракечеде иштеп жаткан беш ишкананы жергиликтүү элге жетиштүү жардам берген жок, жолду бузду, айлыкты өз маалында бербей жатат деп, нааразылыкка чыгышкан.

Бирок мындай жагдайды мыйзамсыз деп санаган төрт ишкананын жетекчилери жана аларды жактагандар «Акулак» жана «Көмүр» ишканаларынын жетекчилерин кескин сынга алышууда. Ушундай эле сын көз карашын жакында Каракечеде болуп келген президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да билдирди:

- Толугу менен баш аламандык. Ал жерде өндүрүш жүргөн жок. Эч кандай уруксаты жок, лицензиясы, көрсөтмөсү жок, «Шарбондун», «Беш сарынын», «Акжолдун» жана башка разрездерди толугу менен басып алган. Басып, казып, эч кандай эсеби жок казып, тиешелүү жерге сатып, акчасын алып, ан ким сатып атат, эмне кылып атат, кайда кетип атат, кайсы бухгалтерияга түшүп атат, анын бүт бардыгынын эсеби, отчету да жок.

Укук коргоочунун мындай көз карашы «Акулакчылар» тарабынан принципсиздик деп бааланды. Пайзулла Рахманов айтымында, жагдайды жөнгө салуу, элдин талабын аткаруу тууралуу «Акулактын» сунушунан төрт ишкана атайылап баш тартты, натыйжада, 9 миллион 700 миң сомдук каражат талап кылган жолду Нурлан Мотуев баштаган жергиликтүү эл өзү оңдоп чыкты:

- Учурда техникалык көзөмөл мекемеси төрт ишкананын иштешине кемчиликтери үчүн тыюу салды. Азыр барыдыгы үчүн Нурлан Мотуев баштаган «Акулак» акционердик коому иштеп жатат.

Ал эми «Акулак» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мындай аракеттердин баарын баскынчылык, коррупция катары баалап, Нурлан Мотуевди Рахманов калкалап жатат дейт. Муну ашкерелеген кайрылууну тоо өнөр жайчылар, геологдор ассоцациясы кабыл алды:

- Мында Рахмановдон башка да бирөөлөр турат. Биз бул боюнча мурда күнкү отурумда кайрылуу кабыл алдык. Бүгүн басып атабыз. Буюрса биринчи-экинчи күнү өкмөткө жөнөтөбүз кайрылууну. Бардык адистер кол коюп атышат. Үч академик, илимдин төрт доктору кол койгон.

Орозбек Дүйшеев коррупциячыл аракеттердин кесепетинен Каракече кенин иштетүү жараяны эки жылга артка кетти деген ойдо.

Пайзулла Рахманов болсо, талаш тартыштын жалгыз жолу катары тез аранын ичинде Каракечени мамлекеттик акционердик коом кылып түзүүнү санайт. Кенди мамлекеттик ишканага айландырууга калган ишканалар деле макул экендигин, бирок бул маселени мыйзамдуу жол менен ишке ашыруу зарылдыгын Орозбек Дүйшеев билдирди. Ал эми өкмөт тарабынан Каракечедеги жагдайга баа бериле элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG