БИШКЕК. Кыргызстанда март ыңкылабы тууралуу “2005-жыл: Кыргызстандын кайра жаралуусунун башталышы» деген аталышта китеп чыкты. Китепти белгилүү социолог Кусеин Исаев жазган. Китепте 24-марттагы бийликтин алмашуусунун түпкү себептери, парламенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берилген. Китептин бет ачаар аземи 16-сентябрда Бишкек Гуманитардык университетинде өткөрүлдү.