Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

ЕВРОПАЛЫКТАР АКШнын СУНУШУНА КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Берлин шаарында НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин эки күндүк жыйыны шаршемби 14-сентябрда соңуна чыкты. Жыйын катышуучуларынын көңүл борборунда НАТОнун жана америкалык аскерлердин Ооганстандагы миссиясы болду. Американын коргоо тармагынын башчысы Дональд Рамсфелд Ооганстанда кызмат өтөп жаткан америкалык жана эл аралык коопсуздук күчтөрдүн контингентин орток командачылыктын астына бириктирүүгө көндүрүүгө аракеттенди.

Германия, Франция, Британия жана Европанын НАТОго мүчө башка өлкөлөрү Ооганстанда кызмат өтөп жаткан эл аралык коопсуздук күчтөрүн өлкөнүн Кабулдан башка региондоруна жайгаштырууга каршы чыгышты. Германиянын коргоо министри Петер Штруктун айтымында, мындай аракеттер өлкөдө кызмат өтөп жаткан эл аралык коопсуздук аскерлеринин, анын катарында, германиялык аскерлердин өмүрүнө көбүрөөк коркунуч келтирет. Ал эми Франциянын жана Британиянын беймаалым калууну каалаган өкүлдөрү "бири-биринен айырмаланган бул эки миссияны, тактап айтканда, антитеррордук операцияларды жүргүзүп жаткан бөлүктөрдү бейпилдик миссиясын аткарып жаткан аскерлер менен бириктирүү НАТОнун ролуна терс таасир тийгизип, анын өлкдөгү абалды турукташтыруудагы ролун төмөндөтөт", - деп билдиришти.

Азыр Ооганстанда 37 өлкөдөн топтолгон 8500 аскер эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн алкагында кызмат өтөөдө. Талибан куралдуу топтору жана «ал-Кайыда» террорчулары менен айыгышкан салгылашууларды жүргүзүп келаткан 16 миң америкалык аскерден айырмаланып, алар баш калаа Кабулдун гана коопсуздугун камсыз кылышат. Ошону менен катар эле эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн бөлүмдөрү Кундуз жана Файзабад шаарларында аскердик жана жарандык тармактарда кызмат өтөөөдө. Алар социалдык тармактын инфраструктрасын калыбына келтирүүгө, жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоого жардам берип, жергиликтүү жумушчуларды квалификациялуу кесиптерге үйрөтүүгө кол кабыш кылууда.

Мындан мурда Америка Ооганстанда кызмат өтөп жаткан аскерлердин санын азайтып, кеминде алардын 20 пайызын алып чыгып кетет экен, деген маалыматтар тараган. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Берлиндеги жыйында бул маалыматтарды төгүнгө чыгарып, Америка Ооганстандагы аскерлеринин санын азайтпай турганын бышыктады. Рамсфелддин айтымында, өлкөдө жайгаштырылган 20 миңдей америкалык аскер кызмат өтөөнү мурдагыдай эле улантат. Министр тек гана НАТО өз күчтөрүн үстөккө-босток салгылашуулар орун алып келаткан чыгыш чөлкөмдөрүнө жайгаштыруусу талапка ылайык болор эле, деп белгиледи.

АКШ сунушунун өтөөр-өтпөсү азырынча белгисиз, муну убакыт көрсөтөт. Бирок НАТОнун баш катчысы Хооп де Схеффер эл аралык коопсуздук миссиясы менен АКШнын Ооганстандагы аскерлери өз ара тыкызыраак кызматташуусу абзелдигин белгиледи

XS
SM
MD
LG