Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

ӨЗБЕК ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ООГАНСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА КАМТАМАЧЫЛЫГЫН БИЛДИРДИ


Өзбекстандын тышкы иштер министри Элиор Ганиев БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө терроризм, экстремизм жана наркотрафик Борбор Азияны кара тумандай каптап кетти деген кооптонуусун билдирди. Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынмайынча, аймакта стабилдүүлүк орнобойт деген министр, Борбор Азияны курал жараксыз регионго айлантуу чакырыктарын кайталады.

Өзбек тышкы иштер министри Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү Ооганстандагы абал менен байланыштырды. Талиптер режими кулатылганына 4 жылдын жүзү болсо да, Ооганстан маңзаттарынын аткесчилигинин борбору бойдон кала берүүдө, - деди Ганиев.

Борбор Азиянын стабилдүүлүгүнө пайда болгон коркунучка туруштук берүү маселесин Ооганстандагы кырдаалдан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Тилекке каршы Ооганстандын жаңжалдан кийинки абалдан чыгуу процесси негисзиз кечеңдеп жатат.

Ганиев БУУдагы докладында чөлкмөдөгү, айрым эларалык маселелерге гана кайрылып чектелди. Ал эми 4 ай мурун болгон Анжиян окуялары тууралуу министр сөз кылган жок.

Расмий Ташкенттин өкүлү ошондой эле өзбек өкмөтүнүн Борбор Азияны курал жараксыз аймакка айлантуу талабын кайталады.

Азыркы кырдаалда региондун беймилитаризациясын алдыңкы планга чыгаруу актуалдуу болмокчу. Аймактагы тынчтыкты камсыздоо, социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү үчүн Борбор Азиянын Бирдиктүү рыногун түзүүнү ыкчамдатуу зарыл. Анын жардамы менен регионалдык кызматташууну өөрчүтүүгө, Борбор Азиянын ресурстарын жана потенциалын жакшылап пайдаланууга шарт пайда болот.

Министр ала кушту өз атынан атабаганы менен, көптөрү ал америкалык аскерий база жөнүндө кыйытканын түшүнүштү. Жакында Ташкент Вашингтондон Ханабаддагы базаны чыгарып кетүүнү талап кылган эле.

Өзбекстан менен Кошмо Штаттардын мамилелери Анжиян окуялары көз карандысыз комиссия тарабынан иликтесин деген Вашингтондун чакырыгынан кийин начарлап кеткен.

Өзбек тышкы мекемесинин башчысы Анжиян качкындарынын Румынияга жиберилишинен улам кошуна Кыргызстан менен пайда болгон пикир келишпестиктер жөнүндө да сөз козгогон жок.
Бул маселени кечээ Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев БУУнун баш катчысы Кофи Аннан менен талкуулады.

Айтмакчы, ошол эле күнеү Ганиевтин румыниялык кесиптеши Михай Разван Унгуреану анын өкмөтү өзбек качкындарын мындан ары да кабыл алууга даяр деп билдирди. Ташкенттин нааразылыгына карабай, биз качкындарды коргоону адамдык парызыбыз деп эсептейбиз, - деди министр:

Румыниянын чечимине өзбек бийлиги абдан катаң позиция ээледи көрүнөт. Биз дайыма кайталап келатабыз – биздин жасаганыбызды ар бир цивилизациялуу өлкө жасамак. Эларалык конвенциялардан тышкары адамдын укуктарын коргоонун, качкындарга баш калка берүүнүн моралдык өңүтү да бар.

Нью-Йорктогу жолугушууда румыниялык министр БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары Антонио Гуттереске агенттиктин регионалдык өкүлчүлүгүн Бухарестте ачууну сунуш этти. Муну менен “авторитардык режимдерге каршы баш көтөргөн” элдин агымын координациялап турса болот, - деди министр.

XS
SM
MD
LG