Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Укук коргоочу Кумтөрдө болду


БИШКЕК. Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун алтын иштетүүчү «Кумтөр» кенине барып, ал жерде өндүрүштүн абалы менен таанышып, «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасынын президенти Эндрью Льюис баштаган жетекчилери менен жолугушту. Укук коргоочунун айтымында, жолугушууларда жергиликтүү кадрларды ишке көбүрөөк тартуу, маянанын коеффициэнтин көтөрүү маселелеринин айланасында сөз болду.

«Кумтөр» кенине баруучу жолдо жайгашкан беш айылдын эли июль айында сегиз талап менен нааразылык акциясына чыгышкан. Алардын башкы талаптарынын катарында «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасын түзүү боюнча 1993-жылкы, «Сентерре» ишканасын түзүү боюнча 2003-жылкы эки тараптуу макулдашууну кайра кароо талаптары бар. Бирок талаптар боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишинин жыйынтыгын чыгара элек. Укук коргоочунун айтымында, элдин социалдык багыттагы үч талабын тараптар аткарды. Ал эми башкы талаптарга байланышкан маселе ачык бойдон турат.

XS
SM
MD
LG