Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

КУРМАНБЕК БАКИЕВ БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛҮГҮНӨ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЛАПКЕРЛИГИН СУНУШТАДЫ


Кечээ Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын сессиясы ачылды. Анын ачылышында сөз сүйлөп, баш катчы Кофи Аннан ядролук куралдардын жайылуу, терроризмдин коркунучу күч алып баратканын эскертти. Ушул эле жыйында сөз сүйлөп, президент Курманбек Бакиев Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин сунуш кылды.

Кофи Аннан үч проблеманы – апаат куралдарды таркатпоо, куралсыздануу жана атом энергиясын жайчылык максаттарга колдонуу маселесинде кыраалды жабыла биригип бекемдөөгө чакырды. Аннан ошондой эле дүйнөлүк саммит маалында ядролук куралдарды таркатпоо маселесинде чечкиндүү кадамдарды жасоого кедерги болгону үчүн Кошмо Штаттарын сынга алды.

Ушул эле жыйында сөз сүйлөп, президент Курманбек Бакиев Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин сунуш кылды. Бакиев дүйнөлүк саясаттын маселелерин чечүүдө уюмдун бардык мүчөлөрү менен кызматташтыгын арттырууга, эл аралык коомчулуктун ишенимдүү өнөктөшү болгонго Кыргызстан чечкиндүү жана даяр экендигине ишендирди. «Ушуга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин 2012-2013-жылдардагы утурумдук мүчөлөрүнүн бирине Кыргызстан өз талапкерлигин сунуш кылат», - деп айтты Бакиев.

XS
SM
MD
LG