Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

ГЕРМАНИЯ ШАЙЛООДОН КИЙИН: ЧОҢ КОАЛИЦИЯ ТҮЗҮҮГӨ КИМ ЖЕТИШЕ АЛАТ?


Германияда парламенттик шайлоонун алагачкы жыйынтыктары чыгарылды. Христиан-демократтардын партиясы негизги атаандашы социал-демократтардан 3 мандат көбүрөөк алып, озуп кеткени менен шериги ФДПнын добуштарын кошкондо да, парламентте көпчүлүктү түзө албай калды. Эми 3 партиядан турган “чоң коалиция” куруу мүмкүнчүлүктөрү караштырылууда. Бирок канцлер Шрөдер Германияда күчтүү өкмөт түзүү өзүнүн гана колунан келээрин айтууда

Кечээки шайлоонун мындай акяташын немис саясатчылары күткөн эмес. Ангела Меркелдин жалаң Христиан-демократтардын өкмөтүн түзүү пландары кур кыял бойдон калды өңдөнөт. Бирок анын атаандашы, азыркы канцлер Герхард Шрөдердин да бийликте калышы кыйын болчудай. Меркел жетектеген Христиан-демократтар партиясы парламенттин төмөнкү палатасы – бундестагдын мандаттары үчүн ат салышта добуштардын 35,2 пайызын, Шрөдердин Социал-демократтары 34,3 пайызын алды.

Жергиликтүү аналитиктер мындай жыйынтыкты Меркел үчүн утулуш деп эсептешет. Шайлоого чейинки сурамжылоолор анын партиясын шайлоочулардын 40тан ашуун пайызы колдоорун көргөзгөн

Эң алгачкы расмий эмес санактар жарыяланганда Ангела Меркелмындай деди:

- Социал-демократтар менен жашылдардын коалициясын Германияда колдошкон жок. Бул жакшы кабар!

Буга канцлер утулган тарап социал-демократтар эмес – Меркел айым деген жобун кайтарды:

- Буга чейин жазылып, айтылып келгендер менен салыштырсак бүгүнкү өнөктүктө бир эле жеңилген адам бар – бул Меркел айым. Ал аны моюнга алышы керек, - деди Шрөдер улуттук телевидениеден чыгып сүйлөгөндө.

Христиан-демократтардын шериги болот деп болжолдонгон ФДП партиясынын ийгилигине карабай, алардын коалициясы парламентте көпчүлүктү түзө албайт.

Эми эмне болот? - деген суроо немистердин дээрлик бардыгын кызыктырып турган кез. Германияда коалициялык өкмөт көнүмүш көрүнүш. Бирок бийликти 3 партия бөлгөн учурлар өлкөнүн тарыхында чанда эле болгон.

Христиан-демократтар азыркы позициясын сактап калса, анда өкмөттү куруу Меркелге тапшырылат. Кечээ ал Солчулдар партиясынан тышкары бардык саясий күчтөр менен талкууларга даяр экендигин билдирди. Анын ичинде Шрөдердин социал-демократтары менен да. Бирок буга чейин Меркел мындай коалиция дымыгууга алып келет деп айтып келген эле:

- Демократиянын эрежелерине ылайык, биз бардык негизги партиялар менен сүйлөшүү өткөрөбүз. Анан стабилдүү өкмөт түзүү жолдорун караштырабыз.

Бирок Шрөдер канцлер Меркелдин жетекчилигиндеги чоң коалицияга кирүү мүмкүнчүлүгүн четке какты:

- Шайлоочулар ачык ишара беришти – менден башка эч ким күчтүү өкмөт кура албайт.

Мындай пикир келишпестиктерге карбай, 3 партиядан турган чоң коалициясыз туңгуюктан чыгуу дээрлик мүмкүн эмес. Добуштардын 10 пайыздайын алган ФДП Cоциал-демократтар менен Жашылдардын коалициясына кошулбай турганын билдиришүүдө.

Дагы бир вариант – аталган коалицияга Солчулдардын кириши. Бирок Шрөдер ГДРдин коммунисттик партиясынын мураскери – солчулдар менен кызматташуудан кескин баш тартууда.

Христиан-демократтар менен ФДПнын коалициясына 8 пайыз добуш алган жашылдар кошулса, үчилтик парламентте көпчүлүккө жетише алат. Жашылдардын лидери Йошка Фишер Меркел менен сүйлөшүү вариантын жокко чыгарбайт. Бирок талкуу кандай аяктайт айта албайм, - деди Фишер.

Азыр Дрезден шаарында 2-октябрда өтүүчү шайлоогө өзгөчө көңүл бурулууда. Ал жерде дагы 2 же 3 мандаттын тагдыры чечилет.

XS
SM
MD
LG