Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРИ КЕЛЕТ


20-сентябрда Бишкекке Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жумуш сапар менен келет. Ал Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен сүйлөшүү өткөрүп, президент Курманбек Бакиев менен бирге Кант аба майданында болоору белгиленүүдө.

Орусиянын коргоо министри Кыргызстанга кур кол келаткан жок. Орус элчилигин маалыматы боюнча, 2005-2006-жылы Орусия Кыргызстан Коргоо министрлигине 5 миллион доллар өлчөмдө кайтарымсыз жардам көрсөтөт. Быйылкы жылы Орусия Ми-8 МТВ маркасындагы бир тик учак , 10 даана КАМАЗ маркасындагы автоунаа, танка жана автоунааларга запастык тетиктерди берет. Сергей Ивановдун сапары учурунда тик учакты, техникаларды берүү аземи жана аларды берүү-алуу боюнча протоколго кол коюлат. Бериле турган техника жана тетиктердин жалпы суммасы 3 миллион долларга барабар.

Келерки жылы жалпы суммасы 2 миллион долларга 10 автоунаа жана запастык бөлүктөр берилмекчи. Орусия Кыргызстанга мындай жардамды 2004-жылы да көрсөткөн. Анда жалпы суммасы 3 миллион долларга Ми-8МТВ маркасындагы бир тик учак капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө курал-жарак берилген.

Орус тарап берип жаткан жардамдын мааниси тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков буларды билдирди:

- Бул чындыгында бизге пайда келтире турган жардам. Себеби биздин техникалар 100 пайыз советтик жана орусиялык заводдордо чыккан. Мына ошолор көп жылдардан бери иштебей турат. Аларды күжүрмөн даярдыкка келтирүү үчүн атайын тетиктерди сурадык. Мына ошол өтүнүчтүн негизинде жардамдын бир бөлүгү келет. Калган бөлүгү келерки жылы болот.

Сергей Ивановдун сапары учурунда Канттагы орус аскердик базасын кеңейтүү маселеси козголушу ыктымал. Бирок Ошко жаңы база ачуу жөнүндө сөз жок дейт Исмаил Исаков:

- Ошто база ачылат деген сөздү Коргоо министрлиги билбейт. Андай сөз эч жерде көтөрүлгөн да эмес.

Орусиянын Кыргызстандын Коргоо министрлигине көрсөткөн жардамын кубаттап, туура кабыл алгандар арбын. Бирок ал жардамдын артында бул өлкөнүн өзгөчө бир максаты бар деген пикирлер да болууда. Маселен, «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов мындай дейт:

- Азыркы бийликте орустар менен мамилени, дипломатияны жандандырабыз деген ойлор бар окшойт. Себеби, энергетика тармагын мүмкүн болушунча орустарга сатабыз деген күчтөр пайда болуп калган окшойт. Ошол эле кезде орус тарап да аракеттенүүдө. Ошондуктан орус дипломатиясы, уюмдары түрдүү жактан кыргыз коомчулугун, өкмөтүн даярдап жатат.Кыскача айтканда, бул кыргыз энергетикасын орустардын РАО ЕЭСне концессияга берүүгө даярдык. Эң чоң нерсе ушул.

Кантта орус аскердик базасы 2003-жылдын 23-октябрында расмий түрдө ачылган. Алгачкы мезгилде ал жерге орус аскер жетекчилиги 10-15 аскерий учак жана 500 аскер кармоону пландыштырган. Акыркы мезгилде болсо базаны бекемдөө, кеңейтүү тууралуу сөздөр чыгууда.

Канттагы орус аскердик базасы пайдаланган электр энергиясы жана башка коммуналдык кызматтарга акы төлөбөйт. Бирок орус тарап берип жаткан жардамдар коммуналдык кызматка кеткен чыгымдан көп эсе артык, дейт Исмаил Исаков. Ал эми Алишер Абдимомунов Америка «Манас» аба майданын пайдалангандыгы үчүн акы төлөгөндөй эле, орус тарап да төлөш керек деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG