Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

AЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВДУН ЖАКТООЧУЛАРЫ АК ҮЙ АЛДЫНА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРИП ЧЫГЫШТЫ


20-сентябрда Ак үйдүн алдына элүү чакты адам Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордуктан алынышына нааразылык билдирип чыгышты. Алардын негизги талабы – Азимбек Бекназаровду бошотуу тууралуу жардыкты жокко чыгаруу. Наразылык чарасына чыгышкандар Азимбек Бекназаровду коргоо комитетин түзүшүп, президент Курманбек Бакиевдин наамына кайрылуу даярдашууда. Түшкө жуук келген Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары нааразылык билдирип чыккандарды Ак үйдүн алдынан кетүүсүн, нааразылыгын Максим Горький атындагы аянтта улантуусун талап кылып, эгер кетпесе күч менен таратылаарын билдирди.

20-сентябрда эртең мененки саат ондор чамасында Өкмөт үйүнүн жанына чогулган 50 чакты адам Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынганы тууралуу жардыкты угуп, ага нааразы болгондон улам шашылыш чыгышканын айтышып, президентти мындай кадамга барганы үчүн айыптап жатышты. Алар ушул эле жерде Азимбек Бекназаровду коргоо комитетин түзүшүп, президенттин наамына кайрылуу даярдашты. Наарзылык чаранын катышуучуларынын айтымында, учурда кайрылууга кол койгондордун саны жүздөн ашып калды жана мындай коомдук комитеттер республиканын башка аймактарында да түзүлүүдө. Байкоочулардын баамында, түш ченде нааразылык билдирип чыккандардын саны жүзгө чукулдады.

Түшкө жуук келген Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Самудин Айдаров нааразы тарапты бул жерден кетүүсүн, нааразылык чаралары үчүн атайын бөлүнгөн Максим Горький атындагы аянтчага барып, нааразылыгын улантуусун талап кылды жана буга көнбөсө күч колдонулаарын эскертти.

Бирок нааразылыкка чыккандар мындай талапка көнгөн жок. Нааразылык чарасы уланууда
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG