Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ ОППОЗИЦИЯГА КЕТҮҮНҮ КӨЗДӨП ЖАТАТ


Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров өзүнүн кызматтан четтетилишин саясий себеп менен негиздеп, оппозицияга кетүүнү көздөп жатат. Мындай пикирин ал 20-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында берген маалымат жыйында билдирди.

Азимбек Бекназаровдун башкы прокурор катары 20-сентябрда эртең мененкиге мурда белгиленген маалымат жыйыны өткөн жок. Бул күнү дароо эле жаңы дайындалган башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев ишке киришти. Ал эми Азимбек Бекназаров пресс- конференцияга даярдаган баяндамасын журналисттерге кийинчерээк Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында окуп берди.

Бекназаров пресс-конференцияда белгилегенге караганда, ал иштеген мөөнөттө экс-президенттен баштап акимге чейинки мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге байланышкан кылмыш иштерди териштирүүдө азыркы жана мурдагы бийликтен колдоого караганда, тоскоолдуктар көп болду. Натыйжада коррупция Бекназаровду жеңди:

- Мен өткөн-кеткен бийликтин да, азыркы бийликтин да коррупционерлери менен күрөшүп калбадымбы. Алар бүгүнкү күнү бириге калышты да, мени кулатып түшүштү. Себеби ушул эле.

Бекназаров жана аны менен пикирлеш бир катар өкмөт мүчөлөрү ушул эле күнү эртең менен президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болушту. Бирок Бекназаровдун билдиргенине караганда, сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок:

- Командабыз менен президентке жолугалы деп бардык. Ал кечээтен бери кабыл албай жаткан. Эртең менен кабыл алды. Бирок сүйлөшпөй койду. Мен жардыкка кол койдум. Мен президентмин. Мен силер менен мындан кийин партияда жокмун. Мунуңарды, мени менен жолукканыңарды токтоткула деди. Калган коллегаларыма да силер да ушинте берсеңер арызыңарды Темирбаевге тапшырып кеткиле деди.

Мурдагы бийликке нааразы саясий партиялар жана саясатчылар жаңы бийлик март окуясына чейин Курманбек Бакиев жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылынын» курамында иш алып барышкан. Бирок кыймылдын ушул жылдын 23-июлунда өткөн курултайында Бакиев президент болуп шайлангандыгына байланыштуу бул милдетин өткөрүп берген.

Анткен менен март ыңкылабында пикирлеш болуп, азыр өкмөттүк жогорку кызматты ээлеп тургандардын бир даары Бекназаровго тилектештик билдирип, кызматынан чегинээри тууралуу божомолдор айтылууда. Бирок айрым саясатчылар мындай жагдай өлкөдө саясий кырдаалды курчутуп жибериши ыктымал деп түкшүмөлдөшөт. Алардын бири Мелис Эшимканов мындай дейт:

- Кырдаал абдан курчуйт. Аксы көтөрүлүп атат… Азимбек Анаркуловичтин өзүнө да жараша болот. Эгерде эреже сакталса, кырдаалды курчутпай, кармап калышат. Негизи көзгө көрүнбөгөн кризистер октябрдын башына келатат.

Азимбек Бекназаров болсо өзүнүн ысымы Аксы окуясы же март ыңкылабы өндүү окуяларда кайрадан аталышын каалабайт жана мындай окуялардын кайталанышына эл туруштук бере албайт деген ойдо:

- Саясий кырдаалды тынчтык жолуна салышыбыз керек, оппозицияда болобузбу, позицияда болобузбу, биз элибизде, жергебизде, мамлекетибизде баш аламандыкка, митинг, революцияга жол бербешибиз керек. Эл көтөрө албайт муну.

Анткен менен, башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматка жаңы киришкен Бусурманкул Таабалдиев Бекназаровдун кызматтан кетишинде эч кандай саясий себеп жок деп билдирди. Анын айтымында, «Алай» мейманканасында 13-июнда болгон атышууга мыйзамдуу чара колдонбогондугу Бекназаровдун кызматтан кетишинин негизги себеби болду. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустембеков да саясий себеп бар экенине ишенбейт:

- Бул саясий эмес го. Башкы прокурор катары кемчиликтери бар го. Мен ойлойм, эми биз Курманбек Салиевичти шайлагандан кийин биз президентке ишенишибиз керек го деп ойлойм.

Ал эми депутат Алишер Сабиров башка себептердин катарына Бекназаровдун ашыкча саясатташып кеткендигин кошту:

- Менимче, башкы прокурордун ашыкча саясатташышы да себеп болду. Анын көптөгөн билдирүүлөрү реалдуу иштер менен бышыкталган эмес.

Башкы прокурорду кызматтан кетирүүдө мурдагы жана азыркы бийлик келишип алышы ыктымал деген көз караштар да саясий чөйрөдө аз болгон жери жок. Бул ириде депутат Айдар Акаевден кол тийбестиктин алынышы менен Бекназаровдун кызматтан алынышынын дал келиши менен байланыштырылууда. Айдар Акаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Искак Масалиев мындай көз карашты жокко чыгарбайт:

- Болушу мүмкүн. Жок деп айта албайм. Бакиевдин тегерегиндеги адамдардын көбү Акаевдин убагында иштегендер да. Бүгүн Курманбек Салиевичке жакын болуп, кулагына шыбыраган сөздөр болуп, түздөн-түз болбосо да, кыйыр тиешеси бар.

Белгилеп койчу жагы, Азимбек Бекназаровду кызматтан алууда президент Курманбек Бакиев Карасуу районундагы Туратали базарындагы киши өлтүрүүлөргө байланыштуу ишти териштирген комиссиянын корутундусуна таянган. Бусурманкул Табалдиев жетектеген бул комиссия 9-сентябрда түзүлгөн.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG