Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

АЙДАР АКАЕВГЕ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ КЫСКАРАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңеш 19-сентябрдагы отурумунда депутат Айдар Акаевдин кол тийбестик ыйгарым укуктарын жоюп, аны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Буга байланыштуу Айдар Акаевдин адвокаты Максим Максимович 20-сентябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. Максим Максимович Баш прокурордун алмашкандыгына байланыштуу жаңыдан дайындалган Баш прокурордун милдетин аткаруучуга Айдар Акаевге козголгон кылмыш ишин кыскартуу боюнча жакын арада арыз жолдоорун жана Жогорку Кеңештин чечимин Конституциялык сотко берээрин маалымдады.

Максим Максимович адегенде, Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышына байланыштуу жакын арада Айдар Акаевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин жоюну өтүнүп, жаңыдан дайындалган баш прокурордун милдетин аткаруучуга кайрылуу жолдой тургандыгын маалымдады:

- Биз эми Айдар Акаевге козголгон кылмыш иштин курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу аны токтотууну өтүнүп жаңы баш прокурордун милдетин аткаруучуга кайрылабыз. Ал кандай жооп берет аны убакыт көрсөтөт. Чынында Айдар Акаевге расмий коюлган айыптоолордо кылмыш иши жок.

Максим Максимович Жогорку Кеңештин Айдар Акаев тууралуу кабыл алган чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын кошумчалды. Ошондой эле ал Аскар Акаев учурдагы мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп тургандыгын жана Аскар Акаев саясий окуяларга катышпаса да анын өлкөдөгү окуяларга таасири чоң экендигин маалымдады:

- Акаев саясат менен алектенбесе да анын өлкөдөгү саясий окуяларга таасири жок деп айтууга болбойт. Канткен күндө да Аскар Акаевдин таасири өтө күчтүү. Акаев өлкөдөгү окуяларга таасир эткен жана таасир эте берет.

Айдар Акаевдин кол тийбестик укугун алынышы боюнча өлкөдө түрдүү пикирлер орун алууда. Көпчүлүк саясий партия, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Айдар Акаев боюнча кабыл алган чечимин колдошот:

- Депутаттардын мындай чечими колдоого татыктуу. Анткени мыйзам алдында депутат же башка болобу бардыгы бирдей болушу керек, - дейт “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова.

Ал эми “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюм башчысы Төлөйкан Исмаилова болсо, Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышына мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн таасири бар дейт:

- Бизди таң калтырган нерсе, Жогорку Кеңештин чечиминен кийин Бекназаров жумуштан алынды. Биздин оюбузча, Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга толук катышып, өз таасириин тийгизип жатат.

Ушул эле күнү Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышы боюнча Баш прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев маалымат жыйынын өткөрдү. Ал буга чейин Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы жана башка коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштери Бекназаровдун кызматтан алынышына карабай акырына чыгарылаарын журналистерге маалымдады.

XS
SM
MD
LG