Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

ОРУСИЯНЫН КОРГОО МИНИСТРИ КЫРГЫЗСТАНДА


21-сентябрда Орусиянын коргоо министри Канттагы аскерий аба майданда болуп, Кыргызстандын жетекчилигине Ми 8 тикучагын, 10 КАМАЗ аскер машинасын, аскер техника жабдууларын тапшырды. Сергей Иванов Орусия аскер базасынын шартын жакшыртууга 100 миллион рубль акча бөлүнгөнүн, келечекте Москва Канттагы аскер базасына бир нече миллиард рубль акча бөлөрүн билдирди.

Орусия Канттагы аскер базасын кеңейтип, ал жерде узак убакытка бекем жайлашып алуу ниетин башынан эле айтып келатат. Бирок да ушу тапта кыйын кысталыш абалды башынан кечирип отурган Кыргызстандагы Орусиянын аскер аба базасы үчүн бир нече миллиард рубль акча бөлүү убадасы АКШнын Кыргызстандагы аскер аба базасы жөнүндөгү келишимдин ижара акысын көбөйтүү жөнүндөгү өтүнүчүнөн кийин айтылып отурат.

- Бизде Канттагы авиабазага бир нече миллиард рубль акча бөлүү планыбыз бар. Бул бир учурда аткарылчу иш эмес, мынча акчаны бир-эки жылда иштетүү да мүмкүн эмес. Бирок да андай программа бар. Байкап тургандырсыздар, бул базага биз өтө олуттуу мамиле жасайбыз, - деп билдирди Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Канттагы аскер аба базасынын контингенти менен жолугушуу маалында.

Кыргызстандын президенти Орусиянын Кыргызстанга берип аткан экономикалык көмөгү өтөле аз экенин белгилеп, бул эки өлкөнүн кызыкчылыгына шайкеш келбестигине токтолду:

- Бүгүн Орусиянын Кыргызстан экономикасына алып келип аткан инвестициясы аябай эле аз. Бизде болгон мүмкүнчүлүктөр да жакшы пайдаланылбайт.

Канттагы аскер аба базасынан анча алыс эмес жайгашкан АКШнын «Ганси» аба базасы тууралуу журналисттер тарабынан берилген суроого К. Бакиев момундай жооп узатты:

- АКШнын коргоо министри Д. Рамсфельд мырза менен биз бул маселени талкуулаганбыз. Азыр Ооганстандагы абал 2001-жылы «Манас» абамайданын берген чактагыдай эмес. Жакында Ооганстанда шайлоо өттү. Ооганстанда кырдаал турукташып баратат. АКШнын коргоо министри мени менен аңгемелешүү маалында бул пикирге макул болду, анткен менен айрым жерлерде дагы эле кырдаал курч болуп жатканын белгиледи. Карап турабыз. Азыр биз тараптан түзүлгөн келишим шарты кайрадан каралууда. Мен айттым, келишим түзүлүп атканда коюлган акылар өтөле аз, азыркы шартка жооп бере албайт. Кыргызстандын экономикасы аябай эле алсыз, ага жардам керек. Ал эми АКШ аскерий базасынын качан чыгарылып кетери Ооганстандагы жагдайга байланыштуу.

Орусия менен болгон мамиле-катышка токтолгон Кыргызстандын президенти Канттагы аскер аба базасы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде түзүлгөнүн белгилеп, Орусия берип жаткан 3 миллионго жакын долларлык жардам кыргыз аскерлеринин коргонуу кубатын көтөрөт деп билдирди.

К.Бакиев Ошто Орусиянын дагы бир аскер абазсы ачылбайт деп маалымдады. Болгон күчтү бир жерге топтоп, чачкын болбой, Борбор Азия коопсуздугун сактоого Канттагы аскер аба базасынын чама-чаркы жетет, деп ырастады.

XS
SM
MD
LG