Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

ЕВРОБИРИМДИК ИРАНГА КЫСЫМЫН КҮЧӨТҮҮДӨ


Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюну талап кылууда. Бул чара камтылган резолюциянын долбоору ушул шейшемби күнү ачыкка чыкты. Бирок Орусия менен Кытай Евробиримдиктин Иранга кысым көрсөтүүсүн туур көрбөй, маселени БУУнун атомдук агенттиги МАГАТЭ эле жөнгө сала алат деп чыгышты. Ал эми европалык кысымга Иран бомба жасоочу уранды иштетүүгө кайра киришебиз деген коркутуу менен жооп кайтарды.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү баш далдалчы Али Ларижани шейшембиде Тегеранда өткөн пресс-конференцияда мындай деди:

- Эгер алар бизди коркутуп, же Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жөнөтсө, биз Натанз өзөктүк ишканасында уранды байытууну кайра баштайбыз. Коркутуп-көкүтсөңөр, Иран өзөктүк куралды таркатпоо келишиминен чыгып, уран байытууну кайра жандандыруудан башка аргасы калбайт.

Иран өткөн айда Исфахан ишканасында уранды кайра иштетүүнү жанданткан эле. Евробиримдиктин соңку кадамына ушул жагдай түрткү болду. Бирок Тегеран уран байытууну кайра баштай элек, өзөктүк отунду иштетүүдө дал ушул процесс айрыкча мааниге ээ, себеби байытылган уран энергия өндүрүүдө да, атомдук бомба жасоодо да бирдей колдонулат.

Ларижани ошондой эле Иран ага каршы чыккан өлкөлөрдү мунай менен камсыз кылуу жагын да ойлонуштуруп көрөт, деп эскертти. Иран дүйнөдөгү эң ири төртүнчү мунай өндүрүүчү.

Европа шериктештигинин резолюциясынын текстине ылайык, шериктештик БУУнун Эл аралык Атомдук Энергия агенттигинен Ядролук Куралды Таркатпоо келишиминин коопсуздук макулдашуусун аткарууга алган милдеттенмесин көп ирет бузгандыгын агенттиктин бардык мүчөлөлөрүнө, БУУнун Коопсуздук кеңешине жана баш жыйынына билдирүүсүн суранат. Иран аталган келишимге 1968-жылы кол койгон. Келишим бузулган учурларды МАГАТЭ Коопсуздук кеңешине билдириши керек, кеңеш өз кезегинде экономикалык чараларды колдонушу мүмкүн.

Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги 18 жылдан бери МАГАТЭден жашырып, өзөктүк программасын өнүктүрүп келаткан Иран атомдук бомба жасап жатат деп шектенишет.

Арийне, МАГАТЭнин Нью-Йорктогу жыйынында Орусия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Ирандын өзөктүк программасын МАГАТЭнин чегинде кароо керек деген пикирин билдиришти. Бразилия жана Түштүк Африка сыяктуу өлкөлөрдүн Иранга жан тартышы да МАГАТЭнин европалык резолюцияны ушул аптада карап, колго салаарынан күмөн туудурат.

Дипломаттардын айтымында, орустар менен кытайлар Ирандын өзөктүк программасы Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюлса, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет, деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG