Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

ЖАПОН АППАРАТЫ АСТЕРОИДДИ ИЛИКТӨӨДӨ


Жапониянын "Хаябуса" деп аталган космос аппараты бул күндөрү Жер менен Марстын ортосундагы астероиддердин биринин айланасында, 20 чакырым аралыкта учуп жүрөт. Алдыдагы апталарда астериодди иликтеп, андан соң биринчи жолу анын үстүңкү кыртышынын үлгүсүн алмакчы. Ал эми чогултулган минералдар Жерге эки жылдан соң гана түшүрүлөт.

Жапондордун "Хаябуса" деп аталган космос аппараты 2003-жылдын май айында учурулган. Жерге 2007- жылдын июнь айына карата кайтышы керек. Салмагы жарым тонна келген аппарат өткөн эки жыл аралыгында астероидге жетиш үчүн 300 миллион чакырымдай жол басты. Азыр эми узундугу 700 метр, туурасы мунун жарымычалык келген астероидден 20 чакырым аралыкта учуп жүрөт.

Британиядагы Ачык университеттин космосту иликтөө тобунун адиси, доктор Эндрю Бол "Азаттык жна Эркин Европа" радиосунун кабарчысына берген интервьюсунда муну "чоң жетишкендик" катары баалады:

- Бул фантастикалык ийгилик. Биз эми кийинки баскычты, дагы жакындап кээ бир үлгүлөрдү алыш үчүн астероиддин үстүңкү кыртышына түшүүсүн чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Эндрю Бол кошумчалагандай, учурда космостук аппарат жапондор өлкөнүн космос программасынын атасы катары эсептелген окумуштуу Хидео Итокованын урматынан "Итокова" деп аташкан астероиддин үстүңкү катмарынын сүрөттөрүн жана чен өлчөмдөрүн алууда.

Астероидди бир нече апта бойу жакындан иликтеген соң "Хаябуса" аппараты ноябрь айында анын үстүңкү катмарына, кыртыштын үлгүлөрүн алуу үчүн өзүнөн кичинекей эки роботун түшүрөт. Экспедициянын ушул баскычы эң кызыктуу учур катары бааланууда. Алынган үлгүлөр болсо атайын капсулага чогултулуп, 2007- жылдын июнунда парашют менен Австралиянын аймагына ташталмакчы. Алар кийин Жердеги лабороторияларда иликтенет. Космос боюнча британиялык адистердин дагы бири Эндрю Катес экспедициянын маанүүлүгү жөнүндө буларды белгиледи:

- Бул өтө амбициялуу миссия жана буга чейин ийгиликтүү жүрүп жатканы - чоң жаңылык. Астероиддер биздин Күн системабыздын өтө кызыктуу бөлүгү. Себеби кометалар тышкы планеталар түзүлүүсүнүн калдыктары болсо, астероиддердин кээ бирлери ички аскалуу планеталар түзүлүүсүнөн калгандар.

Айтор окумуштуулардын айтымында, астероиддерди изилдөөнүн илимий гана эмес, практикалык да мааниси бар. Анткени өткөн доорлордо астероиддер Жерге да сокку урган учурлар кездешкен. Бүгүн деле алардын эң кичинекейи да күчү чоң шаарды бузгудай жардыруунун таасирин жарата алат. Андыктан Жер менен кагылышуу нугунда турган астероидди башка жолго буруунун ыкмасын табуу пайдалуу болмок. Бирок бул үчүн ириде астероиддер эмнеден жасалганын, өзгөчө алардын үстүңкү кыртышы жумшак же катуу экенин билүү керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG