Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

КАРЗАЙ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК АСКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ ТОКТОТУЛУУСУН ТУУРА КӨРӨТ


Нарын АЙЫП, Прага 18-сентябрда Ооганстанда парламенттик шайлоо өткөрүлгөнү менен, добуштарды саноо айрым чөлкөмдөрдө бир нече күндөн кийин гана башталды. Анткен менен президент Хамид Карзайдын айтымында, эми чет өлкөлүк аскерлердин Ооганстандандагы айрым аракеттери токтотулууга тийиш.

Шайлоо жекшемби күнү өткөрүлгөнү менен, Кабул провинциясында добуштарды саноо, мисал үчүн, шаршемби күнү гана, үч башка провинцияда болсо андан да кеч башталды. Бийликтин айтымында, ага абдан көп нерсе, мисал үчүн талаптуу аспаптардын жетишсиздиги себеп, көптөгөн маселени болсо калктын сабатсыздыгы жаратууда. Андан тышкары, Талибан кыймылынын калдыктары элди коркутуп, ар башка террор аракеттерин уюштургандыктан, көптөгөн адам шайлоо күнү үйүнөн чыкпай, добуш берген жок.

Былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоого - катталган 12 миллион шайлоочунун 70 пайызга жакыны катышса, азыркы добуш берүүгө шайлоочулардын жарымы гана келди. Анткен менен Ооганстандын адам укуктар боюнча көз карандысыз комиссиясынын төрагасы Хосан Рамозтун айтымында, шайлоону баары бир ийгилик деп эсептеш керек:

- Өкмөткө каршы чыккан күчтөр шайлоо алдында коопсуздук боюнча кооптонууларды жаратты. Айыл жергесиндеги шайлоочуларга каршы коркутуп-үркүтүүлүр көп болгон. Андан тышкары, айрым талапкерлердин үгүтү начар болуп, алар өз программаларына, парламенттин керектигине шайлоочуларды кызыктыра алган жок. Бирок көптөгөн маселеге карабай, аялдардын аз шайланганына да карабастан, менин оюмча, бул шайлоону ийгилик деп эсептеш керек жана ал Ооганстандын тарыхында алдыга жасалган кадам болду.

Парламентке 249 депутат, андан тышкары 34 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды. Добуш берүү жараянына сегиз миңге жакын байкоочу көз салды жана алар азыр добуштарды саноо ишине да байкоо жүргүзүүдө.

Өлкөдө азыр АКШ жетектеген эл аралык коалициянын 21 миң аскери жана андан тышкары НАТО уюмунун дагы 11 миң аскери бар. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 13-сентябрда атайын чечим кабыл алып, НАТО аскерлерин Ооганстанда дагы бир жылга калтырууну жактырган.

Анткен менен президент Хамид Карзай 20-сентябрда билдиргенге караганда, Ооганстанда президенттик да, парламенттик шайлоо да өткөрүлгөн соң, эми чет өлкөлүк аскерлердин өлкөдө көрүп жаткан аракеттерин азайта баштаса болот:

- Менин пикиримде, Ооганстанда мындан ары ири аскерий аракет жүргүзүүнүн кажети жок. Чет өлкөлүк күчтөрдүн абадан уюштурган аракеттеринин да зарылчылыгы азайды, анткени биз алдыга жылып жатабыз. Мисал үчүн, ооган өкмөтүнөн уруксат сурабай, оогандыктардын үйлөрүн тинтүү иштери токтотулууга тийиш.

Окшош талапты Кытай менен Орусия жетектеген Шанхай кызматташуу уюму дагы үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Астана шаарында өткөн бийик жолугушуусунда койгон. Уюм кабыл алган декларацияда - Ооганстандагы аскерий аракеттерге көмөк көрсөтүп жаткан америкалык аскерий базалардын кошуна мамлекеттерде калышынын мөөнөтүн аныкташ керек деп айтылган. Анткен менен америкалык жетекчиликтин пикиринде, Ооганстанда толук коопсуздук орной элек жана чет өлкөлүк аскерлер өлкөгө дагы керек.

XS
SM
MD
LG