Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

БАЯМАНДЫН АМАНАТ КАТЫ КҮМӨН ТУУДУРУУДА


Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин 21-сентябрда кечинде атып өлтүрүлүшү менен удаалаш анын акыркы каты “Газета.kg» интернет гезитине жарыяланды. Кат 19-сентябрда жазылган деп белгиленген. Анда бир катар сенсациялуу билдирүүлөр ачыкталган. Бирок катты Баяман Эркинбаев жазган эмес дегендер да арбын.

“Газета.kg» интернет гезитинин 23-сентябрдагы маалымдоосуна караганда, Баяман Эркинбаевдин каты гезиттин дарегине 21-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 16 саат 26 минутада келип түшкөн. Редакция маалыматты 22-сентябрда түн жарымынан кийин сайтка чыгарган. Демек, кат “Газета.kg” дарегине түшкөндөн беш жарым саат өткөндөн кийин Баяман Эркинбаев үйүнүн алдында белгисиз кылмышкерлер тарабынан атылып өлтүрүлгөн.

Эркинбаевдин атынан жарыяланган ал катта глобалдык саясаттан тарта, базар талаш маселесине чейин жазылган. Эркинбаев анда 24-марттагы ыңкылапка кошулганына өкүнүп, мурунку президент Аскар Акаевден кечирим сурап, аны ыйык катары атаган. Кыргызстандагы окуяларды америкалыктар жасап жатат, бийликти Курманбек Бакиев эмес, анын администрациясынын башчысы Үсөн Сыдыков жүргүзүүдө, ал эми баңги заттарын Сыдыковдун күйөө баласы Нургазы Айдаров ташууда деп айтылган. Карасуу базарына болсо өзү менен кошо Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров ээлик кылат деп айтылып, эми болсо аны азыркы бийликтегилер ээлеп алууга аракеттенүүдө, көп иш жасашым керек, бирок үлгүрөмбү, деп аяктаган.

Бул катты Баяман Эркинбаев жазганына күмөндөнгөндөр арбын. Президенттик администрациянын башчысы Үсөн Сыдыков ал тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Баяман андай текстти эч качан жазган эмес. Жаза да албайт. Ал да тийиштүү адамдар тарабынан жазылып, интернетке берилген. Аны кимдер козгоп жүрөт, билесиңер.

“Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов катты Баяман Эркинбаев өзү жазбаса да, ага анын тиешеси бар деген пикирде:

- Баямандын мына ушундай жаза турган кишилери бар. Ошолор менен бирге жазылган.

Ал эми “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким бул катты мурунку президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсү даярдады деген пикирде:

- Бул катты ким жазганы толук көрүнүп турат. Ал Акаевдарга тиешелүү. Катта конкреттүү адамдарга байланыштуу бөлүмдөр да өтө күмөндүү. Маселен, Үсөн Сыдыковдун күйөө баласын наркобарон атаганы таңкаларлык. Ош облусунун кожоюну Баяман болуп келгени баарына белгилүү. Бул катты өлкөдө туруктуулуктун бузулушун, Бакиев менен Куловдун кагылышуусун каалагандар жасады. Ал эми алардын кагылышуусун кимдер каалап турганы белгилүү.

Ал эми Бермет Акаева «АКИ-пресс» агенттигине берген кыска маегинде Баяман Эркинбаев атынан жарыяланган катка тиешеси жок экенин билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG