Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

ИРАН МАГАТЭнин РЕЗОЛЮЦИЯСЫН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Иранды өзөктүк курал жасап жатат деп шектенген батыш өлкөлөрү Бириккен Улуттар Уюумунун өзөктүк агенттиги аркылуу Ирандын ядролук программасын Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюну талап кылышты. Иран МАГАТЭнин бул тууралуу резолюциясын четке какты, резолюцияга добуш берүүдөн тайсалдаган Кытай сүйлөшүүгө чакырууда.

БУУнун ядролук агенттигинин Тегерандын ядролук программасын сындап, маселени Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коебуз деп коркуткан жаңы реолюциясын Ирандын тышкы иштер министри четке какты.

Манучехр Моттаки Ирандын ИРНА кабар агенттигине "Тегеран тынчтык максаттагы ядролук технологияны өнүктүрүү укугунан баш тартпайт", - деп айтты. Ошол эле убакта Иран өзүнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө кайтып келүүгө даяр экендигин мындайча бышыктады:

– Биз мыйзамсыз аракеттерге ишенбейбиз, кандайдыр бир кошумча эрежелерди аткарууга милдеттүү эмеспиз. Бирок биз ар түрдүү өлкөлөр менен кызматташууга даярбыз. Иран сүйлөшүүгө тартылган өлкөлөрдүн тизмесине жаңыларынын кошулушун каалайт.

Эл аралык Атомдук Энергетика Агенттиги же МАГАТЭ Тегеран ядролук саясатын өзгөртпөсө, Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюлат, деп айтылган резолюцияны кечээ кабыл алды. Коопсуздук Кеңешинде МАГАТЭнин жетекчиси Мохамед Елбарадеи келерки ноябрда Иран боюнча отчет жасайт, МАГАТЭнин резолюциясы да ошондо каралышы мүмкүн. Агенттикке мүчө болгон 35 өлкөнүн 22си резолюцияны колдоп добуш берди.

Калыс калгандардын бири – Кытай бүгүн Европа Союзун жана Иранды Коопсуздук Кеңешине жеткирбей, сүйлөшүүнү кайра баштоого чакырды.

XS
SM
MD
LG