Палестиндердин урушчул “Хамас” уюмунун лидери Махмуд аз-Захар өз согушкерлерине кайрылып, Израилге ракеталык чабуул коюну токтотууга үндөдү:
- Биз былтыр Каирде кол коюлган өз ара элдешүү келишимин колдойбуз. Ошондуктан бардык согушчан топторду Газа тилкесинин тегерегиндеги Израил баскынчылыгына каршы аракеттерин токтотууга үндөйбүз.
Махмуд аз-Захар мындай кадамга палестиндерди Израилдин кордугунан коргош үчүн барып жатканын белгиледи. Анын алдында жаатташкан аймакта Газа тилкесинен жөөт көчмөндөрү чыгарылгандан берки эки жума ичиндеги эң чыгашалуу кагылышуулар орун алган.
Адегенде өткөн жума күнү Газада хамасчылар уюштурган демонстрация маалында ракета жарылып, 20 киши набыт кетип, 120дай адам жараат алган. “Хамас” уюму бул кандуу окуя үчүн Израилди айыптады, бирок байкоочулар ал жаза атылган ракета болушу мүмкүн деген пикирде. Кантсе да, ага жооп катары албууттанган «хамасчылар» Газа тилкесинен жөөттөрдүн Сдерот калаасына 40тай ракета жаадырып, ал жерде бир нече киши жарадар болду.
Эки элдин ортосундагы жаңы куралдуу жаатташуу - Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон өзү жетектеген “Ликуд” партиясы алдында Газа тилкесинен жөөт кыштактарын көчүрүп кетүү чечимин жана жалпы эле өкмөттүн саясатын коргоого кызуу камданып жаткан мезгилге туш келди. Партия жетекчилиги үчүн күрөштө анын атаандашы – мурдагы премьер Беньямин Нетаньяху Газа тилкесин бошотуу Израилге каршы чабуулдарды гана күчтөндүрөт деген көз карашта.
Саясий келечеги антип добушка коюлаар алдында турган Шарон партиялаштары алдында алсыздыгын көрсөтпөш үчүн дем алыш күндөрү палестин согушкерлерине каршы аеосуз чабуул койду. Израилдин аскердик авиациясынын соккуларынан палестиндердин “Исламий жихад” уюмунун командирлеринин бири Мохаммед Халил курман болгону кабарланды. Шарондун кеңешчиси Ранаан Гиссин Тель-Авив бул ирет чечкиндүү кадамдарга даяр турганын жар салды:
- Израил азыр өзүнө каршы террорчулукка мындан ары кенедей да сабырдуулук көрсөтпөйт. Биз Газадан чыгып кеттик, ага жараша палестин бийлиги, “Хамас” жана “Исламий жихаддын” жетекчилери өз саясатын өзгөртүүгө тийиш.
“Исламий жихад” уюму Мохаммед Халилдин өлүмү үчүн Израилден өч алабыз деп жарыялады. Палестинанын пландоо министри Хасан ал-Катиб “Хамастын” ракеталык чабуулду токтотуу чечимин кубаттап, Израилден ага үндөш билдирүү күтө турганын кошумчалады. Байкоочулар Израил Газа тилкесин бошоткондон тарта ал жерде “Хамастын” кадыры кескин жогорулай түшкөнүн белгилешет. Алардын айтымында, хамасчылар палестин президенти Махмуд Аббастын “Фатах” уюмун артта калтырып, эмдиги жылы өтө турган парламенттик шайлоодо алдыга озуп чыгышы мүмкүн.