Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, "Мыйзам жана адилеттүүлүк" партиясын шайлоочулардын кеминде 28 пайызы, «Жарандык платформа» партиясын 24 пайыздан ашыгы колдошкон. Баары болуп шайлоого Польшанын 30 миллиондон ашык жараны катышты. Польшанын келерки премьер-министр болуп "Мыйзам жана адилеттүлүк" партиясынын жетекчиси Ярослав Качинский шайланаары күтүлүүдө. 26-сентябрда жасаган билдирүүсүүндө, Качинский мындай жеңиш кокусунан боло калбаганын, партиянын артында реформаны колдогон калың эл тургандыгын айтты.
Польшанын азыр бийликте турган Демократиялык альянсы, жекшембидеги шайлоо көрсөткөндөй, өз позициясын алдырып жиберди. Парламенттеги 217 орундан ал азыр кеминде 50 эле орунга ээ болуп калмакчы. Бул партия негизделген 1990-жылдардан берки эң төмөнкү көрсөткүч.
"Мыйзам жана адилеттүүлүк" жана "Жарандык платформа" деген оңчул өңүттөгү борборчул партиялар экөө тең "Тилектештик" кыймылынан бөлүнүп чыкканы менен, эркин экономиканы орнотуу жана өнүктүрүү, салыктын көлөмү жана бюджет сыяктуу маселелерде көз караш айырмачылыктары бар. «Мыйзам жана аделеттүүлүк» партиясы салыктарды азайтып, экономиканы мындан ары да либералдаштырууну жана калктын кедей бөлүгүн социалдык жактан коргоону жакшыртууну көздөйт. «Жарандык платформа» деген партия болсо салык реформасын жүргүзүп, кирешеге салынган салыкты 15 пайыздын тегерегине төмөндөтүүну сунуш кылат жана приватташтыруу процессин ыкчамдатып, мамлекеттин экономика тармагындагы ролун азайтууну көздөйт. Ошону менен бирге эле "Жарандык платформа" Польшада eврого өтүү процессин ылдамдатууну туура көрөт.
Мындай айырмачылыктарына карабастан, бул эки партиянын жумушсуздукка каршы күрөшүүдөгү позициялары окшош. Экөө тең жумушсуздукту жана коррупцияны кыскартуу боюнча колдон келишинче аракеттенүүгө сөз беришти. Польшада жумушсуздук эмгекке жарактуу калктын 18 пайызын түзүп, Еврошаркеттеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
«Мыйзам жана адилеттүүлүк» партиясынын лидери Ярослав Качинский Польша-Орусия жана Польша-Германия мамилелеринде орун алган жагдайга байланыштуу парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда катаң позицияларын билдирип келген. Варшавадагы Саясий Изилдөөлөр Институтунун профессору Эдмунд Внук-Липинский расмий Варшаванын катаң позициясы Орусия менен Польшанын ортосундагы мамилелерди жакшыртышы мүмкүн, деп белгилейт.
- Орусия ачык-айкын, бирок өзүнө карама каршы келген катаң позицияга урматоо менен мамиле кылат. Шайлоо алдындагы үгүт учурунда саясатчылар Орусия менен мамилелердин жакшы болуусу өтө маанилүү экенин баса белгилешкен. Бирок Польша Еврошаркеттин мүчөсү. Ошондуктан биз Орусия менен болгон мамилебизди Ееврошаркет аркылуу жөндөөбүз керек.