Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

УКРАИНАДАГЫ КОРРУПЦИЯ ТУУРАЛУУ УЛАМ ЖАҢЫ МААЛЫМАТТАР ЖАРЫЯЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Сентябрдын башында Украина президентинин жардамчысы Александр Зинченко президенттин айланасындагы жогорку кызматтагы адамдар коррупцияга терең баткан деп кызматынан чегингенден кийин, өлкөнүн премьер-министри да алмашты, бирок коррупция тууралуу улам жаңы маалыматтар жарыяланууда. Айрым саясатчылар коррупциядан президенттин өзүн да күнөөлөй баштады.

3-сентябрда кызматынан кеткен Александр Зинченко коррупциядан Коопсуздук кеңешинин катчысы Петро Порошенко менен президенттин кеңешчиси Александр Третьяковду күнөөлөгөн. Порошенко менен Третьяковду президент кызматынан 8-сентябрда четтетти, ошол эле күнү премьер-министрликтен Юлия Тимошенко да кетүүгө аргасыз болду жана өкмөттүн жаңы башчысы катары 22-сентябрда Юрий Ехануров бекитилди.

Анткен менен мурдагы жана азыркы жогорку кызматкерлер бири-бирин коррупциядан күнөөлөөнү улантууда жана ал тууралуу улам жаңы маалыматтар жарыяланып жатат. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Александр Турчинов 20-сентябрда билдиргенге караганда болсо, коррупция боюнча башталган кээ бир иштер президент Виктор Ющенконун түз көрсөтмөсү менен жабылууда.

Мисал үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында коопсуздук кызматы "ЕврАлТрансГаз" жана "РосУкрЭнерго" деген эки компанияга каршы тергөө баштаган, анткени алар көптөгөн мамлекеттик каражатты ысыраптаганы тууралуу маалымат топтолгон. Бирок августтун ортосунда Турчиновко президент Ющенко кайрылып: «Менин адамдарымды жазалоону силер качан токтотосуңар!?» - деп ачууланган. 8-сентябрда Турчинов бүткүл өкмөт менен кошо кызматынан чегингенден кийин болсо, бул эки компаниянын ишин иликтеп жаткан тергөөчү Андрей Кожемякин башка кызматка которулган.

Ошондой эле жагдай Түркмөнстандын мунайы менен табигий газын сатып алуудан чыккан чатак менен байланыштуу да түзүлгөн. Киевдеги чалгындоо кызматтарынын маалыматы боюнча, Түркмөнстандан Украинага сатылган газдан түшкөн пайданын орчундуу бөлүгү түркмөн жогорку жетекчилеринин чөнтөктөрүнө которулуп турган.

Үстүбүздөгү жылдын июнунда президент Сапармурад Ниязов вице-премьер министр Йоли Гурбанмурадовду кызматтан алган жана ал тууралуу Түркмөнстандын коопсуздук министри Гелдимухаммед Ашырмухаммедов минтип билдирген:

- 2004-жылдын октябрынын аягында Йоли Гурбанмурадовко бир чет өлкөлүк коопсуздук кызматынан кабар келип, ага мунайды төмөн баа менен сатуу сунушу жасалган. Гурбанмурадов алар менен байланыш түзүп, чет өлкөлүк коопсуздук кызматына жардам көрсөтө баштаган.

Украинанын коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча болсо, түркмөн министринин билдирүүсүндө "бир чет өлкө" деп аталган мамлекет Украина болчу жана Украинанын "РосУкрЭнерго" компаниясынан түшкөн кошумча акча Түркмөнстандын эң жогорку жетекчилерине тымызын пайда алып келген. Гурбанмурадов болсо - ал тууралуу маалымат ачыкка чыгып кетпеси үчүн кызматынан алынган.

Турчиновдун айтымында, ал тууралуу Киевде башталган тергөө иштери дагы президент Виктор Ющенконун түз буйругу менен токтотулуп салынган.

XS
SM
MD
LG