Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА МАМЛЕКЕТТИК ЖАРДАМ КАЧАН БЕРИЛЭЭРИ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Аксы окуясында шейит кеткен алты бала менен окуя учурунда ок тийип, милициядан токмок жегендерге мамлекеттик компенсация төлөө жөнүндө Жогорку соттун чечими чыккан. Бирок азырга дейре анын качан төлөнөөрү белгисиз. Баласынан айрылган ата-энелер менен жарадар болгондордун көпчүлүгү жумушсуз. Октон жараат алгандар ишке жарабайт. Жергиликтүү уюмдардан да аларга камкордук көрүлбөй калган.Токмок жегендердин айрымдары ден соолугун калыбына келтирүүгө каражаты жок.

Аксы окуясында алты адам окко учуп, отуздан ашык жигитке ок тийген, элүүдөн ашыгы милициядан катуу токмок жешип, денсоолугунан ажырашкан. Балдарынан ажыраган алты үй-бүлөгө миллион сомдон, ал эми жарадар болгондор менен токмок жегендерге 50 миңден 600 миң сомго чейин материалдык кун төлөө жөнүндө Жогорку соттон чечим чыкканы менен ал чечимдин качан жүзөгө ашаары белгисиз. Окко учкан Элдияр Үмөталиевдин атасы Анарбай карыянын айтымында компенсация төлөө жана балдардын атын көчөлөргө коюп, эстелик тургузуу жөнүндөгү сөздөн дайын жок:

- Анын дайыны жок азырынча. Эч кандай жардам болой атат азыр. Бөлүнгөн уюмдар бар эле, алардын баарын токтотуп койгон. Бул боюнча бирөө да кабар албайт.

2002-жылы мартта милиция токмоктогон Гүлбара Ашырова тиешелүү уюмдардын куру убадаларынан көңүлү калуу менен «мамлекеттик компенсацияны экс-президент Аскар Акаевдин мүлк-байлыктарынан кайтарылган каражаттын эсебинен төлөсө болот эле» деген пикирин айтты:

- Бишкеке барганда соттун чечими чыккандан кийин бир айдан кийин күчүнө кирет деген. Бир ай эмес эки ай болуп калды. Эч кандай жылыш жок. Акаевдин чөнтөгүндөгү акчадан алып деле кутулуп койсо болмок.

Аксы окуясы маалында ок тийген Актанбек Арстанкулов азыр 2-топтогу майып болуп калган. Майыптык жөлөк пулу тамак-ашына жетпейт. Жаш жигит ишке жарабаганы аз келгенсип, кыш камын көрө албай жүрөт:

- Мага 17-мартта сол колума ок тийип, кан тамырымды тешип өткөн. Бишкекте ооруканада жатып, кан тамырымды дарылаткам. Ошондон бери эч кандай жардам жок. Зыяндан башка пайда жок. Азыр сол колум ишке жарабайт. Суукта колум тоңуп калат, ушалап гана жүрөм. Бизге эч кандай жумуш, чара, жардам жок.

Жабырлануучу Асилбек Тургуналиевге өкмөт 150 миң төлөөсү абзел. Агасына ок тийип, өзү катуу токмоктолгон Ыктыяр Адылбековдун кайра операция жасатууга акчасы жок:

- Мен 5-сентябрда операция болушум керек эле. Догдурлар көрсөтмө берген, белиңден, көп жериңден жаракат алгансың деп. 29-августта мени ооруканадан чыгарып салды врачтар. Бешине чейин Бишкекте жүрүшкө мүмкүнчүлүк болбоду.

Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун оюнда Жогорку соттун чечими жүзөгө ашып, Аксы окуясында жабырлангандарга материалдык жардам көрсөтүлсө, өкмөттүн бедели көтөрүлмөк:

- Материалдык жардам берилиш керек. Анткени буларга бир эле моралдык эмес, материалдык да зыян келтирилген. Ошонун бирөөнү алып таштап, экинчисин берип жатат. Бул да болсо жабырлангандарга жана каза болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө болгон мамлекеттин жакшы жөрөлгөсү болот эле.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG