Орусияга жашырын келип иш издеп жүргөндөр көбүнчө мурдагы советтер өлкөсүнөн кайра жаралган өлкөлөрдөн, бир айырмасы - Балтика боюндагы Эстония, Латвия, Литвадан келбейт дешет. Баш калаанын милициясы жүргүзгөн бейрасмий эсеп боюнча, легалдуу ишке орношкон бир кишинин жанында легалсыз иштеп аткан 8-10 киши бар. Азыр Маскөөдө ошонтип жашырынып иштеп жүргөн миллионго чукул киши бар.
Буга иш берип аткан кожоюндун акча үнөмдөө максатта жашырып жабышы себепкер болууда дешет. Экинчиден мыйзамда ачык жазылбаган ариптер да жолтоо экен. Ошол эле милиция анализи боюнча, кийинки учурда Орусияга иш издеп келгендер мыйзамдуу түрдө ишке орношууну көбүрөөк каалашат. Сентябрь айында, маселен, эмгек ишкердигин мыйзамдуу түрдө баштоо үчүн 100миңге чукул киши арыз берген.
Өлкөгө иш издеп келген чет элдиктерге мындан ары жеңилдик бериле тургандыгын 27 сентябрде түз эфирде орусиялыктар менен сүйлөшкөн кезинде президент Путин айтты:
- Орусия Федерациясында эмгектенүүгө укук алуу үчүн чет өлкөдөн келгендерге жөнөкөйлөштүргөн тартип киргизилет. Ошондой эле атуулдукка алынбаса да, узак укбакка жашап турууга да укук алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби киргизилет.
Азыркы туштагы чет өлкөлөрдөн иш издеп келип, кыйынчылыкка кирептер болуп аткандар абалын ЛДПР жетекчилеринин бири Алексей Митрофанов ит көргөн күнгө салыштырат:
- Алар – кулдар. Ачык эле айталы. Айрыкча мурдагы республикалардан ооп келип Маскөөдө болсун же башка жактарда болсун жашырын иштеп аткандар - кулдар. Эч нерсеге укугу жок кишилер. Аларды, мындайча айтканда, итке да айырбаштап ийүүгө болот.
Ырасмий булактар билдиргенге караганда, Маскөөдө ар жыл сайын 102 мамлекеттен келип,116 кесип боюнча жашырын ишке орношуп иштеп акча таап кетип жүргөндөр бар. Маселен, быйыл 20 миңге чукул кытай, 19 миңге чукул украиндиктер, 9 миң түрк, 9 миң молдовандар келген.
Мындай көрүнүш баш калаадан башка жактарда да кулач жайып баратканы белгилүү болду. Маселен, мурунку күнү, Казанда жашырынып иштеп жүргөндөрдү иликтөө иши жүргүзүлүп, натыйжада, бир күндө ондогон кылмыш иш козголгонун Татарстан биринчи премьер-министри Равил Муратов айтат:
- Жумуриятта бүгүнкү күндө 80ден артык кылмыш иши козголду. Кайсы бир бөлүгү сотко берилди. Кай бирине соттун өкүмү чыгарылды. Калганы текшерилүүнүн үстүндө.
Албетте, сотко берилген кишилер – арзан күчтү пайдаланып келгиндерди бийликке билгизбей, демек, салык төлөөдөн баш тартып, жашырын иштетип аткан ишкана ээлери экен. Бирок катоосу жок, башкача айтканда мыйзамсыз жашап аткан чет элдиктерге да кине коюлуп, аларды да сотко берүү бар экен.
Маскөөнүн миграция боюнча башкармасынын жетекчиси Анатолий Батуркиндин айтканына караганда, ордо калаада да бул күндөрү 73 кылмыш иши козголуп, 38инин тергөөсү бүтүп, соттун өкүмүн күтүп турат.