Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

УНИВЕРСИТЕТ ЧӨЛКӨМҮНДӨГҮ ШАЙЛООДО БОЛОТ МАРИПОВ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


2-октябрда Бишкектеги №1 Университет шайлоо чөлкөмүндө Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн кайра шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Анда 18-сентябрдагы бул шайлоонун биринчи айлампасына катышкан алты талапкердин ичинен алдыга чыгышкан Болотбек Марипов менен Эркин Бөлөкбаев ат салышышты.

БШКнын 3-окятбрда тараткан маалыматына караганда, алдын ала маалыматтар боюнча, бул шайлоодо Болотбек Марипов шайлоочулардын 53,64 пайыз добушу менен алдыга чыкты. Ал эми экинчи талапкер Эркин Бөлөкбаев үчүн шайлоочулардын 42,62 пайызы добуш беришкен. Шайлоого жалпысынан 10 мин 246 шайлоочу катышып, катышуу 33,38 пайызды түзгөн.

Быйылкы февраль-март айларындагы парламенттик шайлоодо №1-Университет шайлоо аймагынан экс-президенттин кызы Бермет Акаева атаандашы Болот Мариповдон көп добуш алып, жеңишке жетишкен эле. Бирок марттагы элдик ыңкылаптан кийин үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол берген деп БШК Бермет Акаеваны депутаттык мандаттан ажыраткан. Ушул себептен БШКнын чечими менен аталган аймакта кайрадан шайлоо өттү.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG