Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ӨКМӨТ БАШЧЫ КЫРГЫЗСТАН ТЫШКЫ САЯСАТТА ОРУСИЯГА АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИШИ КЕРЕКТИГИН БАСА БЕЛГИЛЕДИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Өкмөт башчы Феликс Кулов жаңы дайындалган тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду 3-октябрда эмгек жамааты менен тааныштырды. Өкмөт башчы жаңы министрге жана эмгек жамаатына аталган министрликтин ишин жакшыртуу жана өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүү боюнча бир аптанын ичинде план-программа иштеп чыгууну тапшырды. Ошол эле мезгилде Феликс Кулов Кыргызстан тышкы саясатта бардык өлкө менен жакшы болушу зарылдыгын, анын ичинде Орусияга өзгөчө артыкчылык берилиши керектигин белгиледи.

Баш министр Феликс Кулов адегенде, жаңы дайындалган тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловду эмгек жамааты менен тааныштырды. Андан соң жаңы дайындалган министрге аталган минстрликти өнүктүрүү боюнча бир аптанын ичинде план-программа иштеп чыгууну тапшырды:

-Бир аптанын ичинде сиздер министрликтин ишин жана министрликтин түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуш, пикирлерди иштеп чыгуугуңуздар керек. Тагыраак айтканда, кайсыл өлкө менен кандай мамиледе болуш керек деген эле эмес, ар бир өлкө менен кандай мамиледе болуш керек деген максатта.

Феликс Кулов ошондой эле Кыргызстан тышкы саясатта Орусияга өзгөчө артыкчылык берүүсү зарылдыгын белгиледи:

- Тышкы саясатта биз мамлекет башчы аныктаган багыт боюнча ишти алып барышыбыз керек. Ал биздин тышкы саясат көп кырдуу болуш керектигин айткан. Биздин душманыбыз болбошу керек. Биз бардыгы менен жакшы мамиледе болушубуз зарыл. Тагыраак айтанда, бардык өлкөлөр биз үчүн абдан маанилүү. Анын ичинде Кыргызстан Орусияга артыкчылык бериши керек.

Өкмөт башчы Орусия менен мамилени начардатып жибере турган ар кандай аракеттерди алдын алууну тышкы иштер министрлигинин эмгек жамаатына тапшырды. Ал эми жаңыдан дайындалган тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов келечекте кайсыл багытта иш алып бараары тууралуу буларга токтолду:

- Тышкы иштер министри - бул жөнөкөй кызмат эмес. Алдыда жетишээрлик татаал тапшырмалар турат. Менин оюмча, бир нече багытта иш алып барыш керек. Биринчиден, элдердин жашоосун жакшыртып, тышкы карыздарды жою, инвестициянын өлчөмүн көбөйтүү. Экинчи багыт - бул өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу. Үчүнчүдөн, чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык атуулдардын кызыкчылыгын коргоо максатында иш алып баруу.

Соңку кезде Кыргызстан өзбек бозгундарын Өзбекстанга эмес, үчүнчү өлкөгө өткөрүп бергендигине байланыштуу эки өлкөнүн мамилеси начардай түшкөндүгү айтылууда. Буга байланыштуу Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртып, анын ичинде Өзбекстан менен да мамилени жакшы жагына өзгөртүү зарылдыгын айтты:

- Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуш керек. Бул боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Биз бул өлкө менен илгертеден бери чогуу жашап, чогуу иштеп келгенден кийин, мамилени жакшыртууга аракет жасашыбыз керек.

XS
SM
MD
LG