Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ПРОГРАММА ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда өлкөнүн 2010-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү программасы иштеле баштады. Буга байланыштуу 3-октябрда президенттин администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнүн жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Коомдук башкаруу" программасынын алкагындагы "Реформалардын форуму" аттуу долбоордун демилгеси менен талкуу уюштурулду.

Президенттик админстрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметовдун айтымында, Кыргызстандын 2010-жылга чейинки экономикалык, социалдык өнүгүү программасынын башкы максаттары төмөнкүлөр болмокчу:

- Программанын максаттары – кедейчиликти кыскартуу, коррупцияга каршы күрөшүү, жумушсуздукту кыскартуу. Эң башкы артыкчылык багыттар ушулар болот. Бул программа өзүнө ошондой эле экономиканы, мисалга алсак, салык системасын, бюджетти реформалоону, социалдык тармакты, билим берүү, саламаттык сактоо, экологиялык жана башка тармактарды камтыйт. Менимче, бул стратегия өлкөнү алдыга жылдырууда чоң секирик болушу керек. Ал аркылуу мамлекет жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүүгө тийиш. Ар бир адам Кыргызстанда жашагандыгына сыймыктанышы керек

Айрым экономисттер белгилешкендей, эми 2010-жылга чейин стратегиялык программаны иштеп чыгууда мурдагы программаларды, мисалга алсак, 2010-жылга чейин комплекстүү өнүгүү программасын иштеп чыгуудагы, аны ишке ашыруудагы кемчиликтерди жана ийгиликтерди эске алуу зарыл.

Ал эми бир катар окумуштуулар болсо, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн тыш жактан акча каражатын, жарадамдарды издебей, ички ресурстарды пайдалаануу зарыл деген пикирлерин айтышууда. Бул жөнүндө академик Дүйшөн Маматканов мындай дейт:

- КОРдун иштегенине 5 жыл болду. Ким мүчүн? Донорлор үчүнбү? Эмне үчүн биз өзубүздүн табигый ресурстарды пайдаланууга киришпей атабыз. Эгерде биз сууну товар катары сатсак, миллиндогон акча каражаты түшүп турат эле. Анан туруп алып, ар кандай программаларды түзүшөт, мындай программанын элге пайдасы жок , -

Ал эми экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев болсо, ар бир өкмөттүн экономикалык программасы болушу керек деген пикирин айтты:

- Ар бир өкмөт элге өзүнүн программасын жарыялашы керек. Азыр бизде эң башкы артыкчылык бериле турган багыттардын бири - айыл чарба тармагындагы кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү керек. Башкача айтканда, айыл жериндеги жумушсуздук маселени чечүү. Эгерде айыл чарба тармагындагы абалды оңдосок, ички миграция да токтойт. Миңдеген атуулдарыбыз, кыз-келиндерибиз Орусияга, Казакстанга жумуш издеп кетпейт.

Айрым эксперттердин пикиринде, Кыргызстандын комплекстүү өнүгүү программасы да белгилүү деңгээлде оң жыйынтыктарды алып келди. Анткени, өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнүн негизинде белгилүү деңгээлде кедейчиликти кыскартуу орун алды. Мамлекеттик ресурстардын баары ушул максатка багытталды. Бирок «Central Asia Ltd» ишканасынын жетекчи орун басары Канат Тилекеев белгилегендей, КОР программасынын ишке ашырылышы үзгүлтүккө учурашынын себеби административдик ресурс ишке киргизилбей койгондугунда болду:

- Программа албетте керек. Бирок кеп ага кандай мамиле жасаганда болот. Эгерде ага эскиче мамиле жасасак анда, эч кандай натыйжа болбойт. Эмне үчүн КОР программасы ишке ашырылбай калды? Анткени, орто звенодогу, жергиликтүү чиновниктер аны ишке ашырууга кызыкдар болушкан жок. Аларга эч ким программаны ишке ашыруу үчүн акча төлөбөйт. Ал эми максат кайрадан эле –донорлордон акча алып, сарптоо болсо – натыйжа болбойт

Кыргызстандын 2010-жылга чейин өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгууга катышып жаткан окумуштуу, эксперттердин пикиринде, мындай программаны ишке ашыруу бейөкмөт уюмдар тарабынан катуу көзөмөлгө алынууга тийиш.

Программа кийинки жылдын апрель айында жарыяланат.

XS
SM
MD
LG