Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

БЕЛАРУС ОППОЗИЦИЯСЫ БИРИКТИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Беларусиянын оппозициясы келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди алып чыга турган болушту. Грузия, Украина жана Кыргызстанда болуп өткөн ыңкылаптарга шыктанган Беларус оппозиционерлери бирдиктүү талапкерди тандоо менен Лукашенконун 11 жылдан берки авторитардык режимин кулатууга үмүттөнүп жатышат.

Беларус оппозициясынын 1-2-октябрда Минскиде өткөн курултайына оппозициялык партиялар менен кыймылдардын жана бейөкмөт уюмдардын 800дөй өкүлү катышып, бейөкмөт уюмдун лидери Александр Милинкевичти келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого орток талапкер катары тандашты. Талапкерлигин добушка койуунун алдында саясатчылар өз программалары менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти.

Милинкевич өзү менен кошо аттандашкан башка эки талапкер - Бириккен Жарандык партиянын лидери Анатолий Лябедзки менен Коммунисттик партиянын жетекчиси Сергей Колякинден, жана Беларусиянын алгачкы постсоветтик лидери Станислав Шушкевичтен көп добуш алды. Добуш берүүдөн кийин алган сөзүндө Милинкевич эгерде алдыдагы президенттик шайолоодо жеңишке жетсе, өзү менен тең тайлашкан үч аттандашка тең өкмөттөн кызмат берүүгө сөз берди.

Президенттикке көрсөтүлгөн Милинкевич 58 жашта, кесиби боюнча физик, Гродно шаарында жергиликтүү администрацияда иштеген. Ал ошондой эле Калифорния университетинде окуп, Германияда Коопсуздукту изилдөө боюнча Жорж Маршалл атындагы борбордун лекцияларына катышкан. Ал курултайда сүйлөгөн сөзүндө Беларусту демократиялык асыл-нарктарды туу туткан, эркин экономикага негизделген өлкө кылууга бардык күч аракетин жумшаарын билдирди.

10 миллиондой калкы бар Беларусту дээрлик 11 жылдан бери Президент Александр Лукашенконун авторитардык режими башкарат. Былтыр өлкөдө өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында Лукашенко президенттикке канча кааласа ошончо ирет өз талапкерлигин көрсөтүү укугуна ээ болгон. Өткөн 11 жылдын ичинде Лукашенко өлкөдө советтик символиканы калыбына келтирип, экономиканы толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө алган. Оппозициялык көз караштагы маалымат каражаттары жабылып, алардын ээлери куугунтукталды. Оппозициянын айрым өкүлдөрү түрмөгө камалып, айрымдары дайынсыз жок болду.

Апта соңунда өткөн курултай да көптөгөн кыйынчылыктар менен уюштурулду. Станислав Шушкевичтин айтымында, бийлик делегаттарды коркутуп-үркүтүп, конгресстти үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген. Лукашенконун антидемократия саясаты бийликти калктын ири бөлүгүнө жек көрүндү кылганы менен, аны Орусия колдойт. Беларус менен Орусиянын саясий, экономикалык жана аскердик алакалары дурус. Украинадагы бийлик алмашкан соң Орусиянын Беларус бийлигине көрсөткөн колдоосу күч алды. Москва Минскиге узак мөөнөттүү кредиттер менен гана каралашпастан, аны арзан мунай жана газ менен камсыз кылат.

Бирок Беларус оппозициясы алдыдагы президенттик шайлоодо бурулуш боло турганына ишеним артууда. Курултайдын делегаттарынын бири, 46 жаштагы мугалим Янина Галкович бул тууралуу мындай дейт:

- Беларусиялыктар коркуп жашагандан чарчадык. Мен бул жерге өз мекенимдин келечегин, анын Европадагы болочогун коргогону келдим.

Сүрөттө: Александр Милинкевич (svaboda.org)

XS
SM
MD
LG