Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

“ЭРКИН ЕВРОПА/АЗАТТЫК” РАДИОСУНУН ПРЕЗИДЕНТИ ТОМ ДАЙН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ


5-октябрда Кыргызстанга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Дайн иш сапары менен келди. Том Дайн мырза бул иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жана башка жетекчилер менен жолугушуп, “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде болмокчу. Прагадан Бишкекке аттанаар алдында президент “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, сапардын максаты, ошондой эле өзүнүн жетекчилик кызматындагы гендер саясаты тууралуу баяндады.

Том Дайн сөзүн «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын ишине жогору баа берүүдөн баштады:

- Кыргыз кызматы Кыргызстанда мурдагы президенттин Маскөөгө качышы менен аяктаган өзгөрүүлөргө шайма-шай даяр болчу. Кыргыз редакциясы бул тарыхый окуяларды өтө мыкты чагылдырды, "Азаттык". жергиликтүү сахнанын ажырагыс бөлүгү болду. “Азаттыктын” эмгеги жерде калбай, жаңы өкмөттүн пайдубалы түптөлө баштаган мезгилде, кыргыз кызматы мамлекеттик радионун биринчи каналынан чыгууга сунуш алды.

Том Дайн «Эркин Европа/Азаттык» радиосун 1997-жылдан бери башкарып келди. Бүгүн бул радио 19 өлкөдө 28 тилде чыгат. Жакында жасаган билдирүүсүндө Том Дайн өзүнүн эң бир чоң жетишкендиктеринин бири катары радионун жогорку кызматтарынын дээрлик жарымы – айымдар экендигин жазган эле. Ушуга байланыштуу, айрыкча Кыргызстанда аялдар мамлекеттик башкарууда жокко эсе экендигин эске алып, биз президенттен аялдарды жетекчилик кызматтарга көтөрмөлөп келатышынын төркүнүнө кызыктык:

- Буга бир нече себеп болду. Биринчиден, бардык адамдар, экинчиден бардык жыныстар – тең укуктуу. Үчүнчүдөн, Кошмо Штаттарында, Европада же Азияда болобу, кесиптик жактан эң аракетчил адамдар - аялдар. Дал ошол айымдар көтөрүлгүсү, өз таланттын көргөзгүсү келет, алар айрыкча эмгекчил болушат. Ар бир уюмдун өз салттары бар. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунда эркектер үстөмдүк кылган салт бар болчу. Мен муну туура көргөн эмесмин. Анын үстүнө, эгер дүйнөдө калктын жарымынан ашыгы, 51 пайызы аялдар болсо, аялдарга да жол берели. Бир жынысты экинчи жыныстан өйдө койбойлу.

Кыргызстанда аялдар мамлекетти башкаруудан гана четтебестен, аларды басмырлаган, өйдөдөн караган демагогия да күч алды. Ушул өнүттөн алганда, Дайн мырзанын кесиптеш айымдар менен катар, өмүрлүк жарын да колдоп, көтөрмөлөп тураары байкалат. Жоан Дайн мисалы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун штаб-квартирасында кызматкерлердин ар түрдүү жана сапаттуу тамак менен камсыз болушуна көз салып, майрамдык салтанаттарды уюштурууга жигердүү аралашып келет. Аялдарды көтөрмөлөө - жалпы эле америкалыктарга мүнөздүү көрүнүшпү, же бул негизинен Том Дайн мырзага окшогон либерал жана билимдүү замандаштарга тийешелүү сапатпы? Бул суроого президенттин берген жообу мындайча болду:

- Муну мен өзүмдүн жеке сапатым деп эсептейм. Кошмо Штаттарында аялдарын көмүскөдө кармаган эркектер толуп жатат. Мен аялымды көмүскөдө кармагым келбейт. Ошол эле убакта менин мойнумдагы жоопкерчилик анда жок. Мен өзүмө артылган милдеттерди аркалайм, жогору жактагылардын алдында жооп берем. Ошол эле убакта, өмүрлүк жолдошумдун артыкчылыктарын пайдаланууга эмнеге болбосун. Ал акылман, боорукер. Жоан жардамга муктаждарга ар дайым көңүл бурат. Кээде адам баласына жылуу сөз жетпейт, ага да убакыт табат. Мындай сапаттарды сатып же карызга сурап ала албайсың. Бул Жоандыкындай моралдык духукүчтүү адамдарда болот.

Том Дайн мырза маегибиздин соңунда Бишкекке кандай максат менен жол тартып жатканы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

- Менин күткөнүм көп. Биринчиден, Кыргызстан азыр мен мурда көргөндөн башка өлкө. Экинчиден, силерде азыр жаңы бийлик орноду, мен анын табиятын түшүнүп, билгим келет. Мурда жолугуп, тааныбаган адамдар менен таанышкым келет. Мен жаңы өкмөт туш келген кыйынчылыктарды түшүнгүм келет. Жана азыр Кыргызстанда жүрүп жаткан демократиянын баа жеткис процессине жогору баа бергим келет. 90-жылдардын башында биз Кыргызстанды аймактагы "демократиянын аралы" деп атачубуз. Мындай метафора турмуш чындыгы менен коошпой калган эле, азыр кайрадан чындыкка жакындап калды. Биз көбүртүп-жабырткыбыз келбейт, анткени кыйынчылыктарды билебиз. Экинчи максатым – «Азаттыктын» Бишкектеги бюросуна барып, уналгынын Кыргызстандагы кабарчылары менен жолугушуу. Аларга айрыкча акыркы сегиз айдагы жогорку кесиптик иши үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет.

XS
SM
MD
LG