Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

ПАКИСТАНДА ТАЛИБДЕРДИН МААЛЫМАТ КАТЧЫСЫ КАРМАЛДЫ


Пакистандын коопсуздук күчтөрү Талибандын маалымат катчысы болуп жүргөн Абдул Латиф Хакимини камакка алышты. Бул окуя бир четинен Пакистандын козголоңчуларга каршы күрөшкө чын дилинен катышып жаткандыгын көрсөтсө, ошол эле убакта анын аймагында мартабалуу талиб өкүлдөрү жашырынып жүргөндүгүн айгинеледи.

Ооганстанда 2001-жылы кулатылган талибдердин коомчулук менен байланыш үчүн жооп берген өкүлүнүн кармалганын 4-октябрда Пакистандын ички иштер министри Афтаб Ахмедхан Ширпао мамлекеттик сыналгыдан жарыялады:

- Талибдердин башкы маалымат катчысы Абдул Латиф Хакими бүгүн камакка алынды. Азырынча ушуну гана айта алам.

Кийин Маалымат министри Рашид Ахмед шейх Хакиминин Ооганстан менен чектеш Балучистан провинциясында колго түшкөнүн кошумчалады. Ал Хакимини чөнтөк телефонунун изине түшүп кармашканын бышыктап, буларды кошумчалады:

- Хакиминин камалышынан маанилүү маалымат ала алабыз, анткени ал басма сөз менен иштеп, талибдердин маалымат катчысы болгон жана талиб жол башчылары менен жакын алакада жүргөн. Анын кармалышы биздин коопсуздук кызматтарыбыз менен куралдуу күчтөрүбүз үчүн чоң ийгилик болуп калды.

Учурда сурак берип жаткан туткун тергөөчүлөргө талибдердин ана башы Омор Молдо ооганстанда жашырынып жүрөт деди.

Кечээ жакынга чейин өзү да жашырынып жүргөн Абдул Латиф Хакими маалымат агенттиктерине чыкчу. Негизинен сателит телефону менен сүйлөшсө, кийинки айларда ооганстандык чөнтөк телефон кызматынан пайдаланып жүргөн. Ал талиб күчтөрү баланча америкалык жана ооган аскерлерин буктурмадан жок кылды, деген сыяктуу чуулгандуу маалыматтарды таркатып келген. Июль айында талибдер АКШнын деңиз күчтөрүнүн дайынсыз жоголгон бир мүчөсүнүн башын алды, деп ырастаган. Деңиз аскерлеринин денеси кийин табылганы менен, анын талибдерге колго түшкөнү белгисиз бойдон калды, ал эми Кошмо Штаттары анын ок атышууда курман болгонун билдирген.

АКШнын армиясы Хакиминин согуштук пропагандасын билмексенге салып келген, себеби ал Ооганстандын булуң-бурчунда жашырынып жүргөн козголоңчулар менен телефондон тез-тез байланышып турчу, бул америкалык чалгынчыларга маанилүү маалыматтарды жыйноого мүмкүндүк берип келген. Бирок Хакими туткундарды өлүм жазасына тартууга буйрук бере баштаганда, аны колго түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган шекилдүү.

Жергиликтүү ооган өкүлдөрү Хакими телефондон британиялык инженер Давид Эддисонду өлтүрүүгө буйрук берген деп айтышты. Эддисон сентябр айында Ооганстандын батышында барымтага алынган эле. Хакими ошондой эле Кандагар провинциясынын Миан-е-Шин ооданынын полиция бөлүмүнүн башчысынын жана июн айындагы чабуулда туткундалып кеткен дагы бир нече кишинин башын алууга буйрук берген экен. Бул тууралуу Түштүк Ооганстандагы Спинбалдактагы чек ара кызматынын командири Абдул Разик кабарлаган.

XS
SM
MD
LG