Том Дайн мырза депуттарга Кыргызстанга эки максат менен келгенин айтты. Биринчиден, Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаалды өз көзүү менен көрүү, экинчиден, аталган радиоунун кыргыз кызматы – «Азаттыктын» иши менен жакындан таанышуу. Том Дайн мамлекет башчы, өкмөт мүчөлөрү, студенттер жана башка коомчулук өкүлдөрү менен жолугушкандан кийинки өз байкоолору менен минтип бөлүштү:
- Эгер коррупция системанын өйдө жагында өнүгүп ылдый түшсө, жакырчылык ылдый жакта пайда болот дагы өйдөлөй баштайт. Бул эки нерсе жолукканда өтө жаман нерсе, уу кайнап аткан казан пайда болот. Бул казан элге өтө жаман таасир этет. Бул уу - эл арасында экстремизмди тарбиялашы мүмкүн. Бирок бул президентиңердин же өкмөт башчыңардын эмес, жеке өзүмдүн байкоолорум.
Ал мамлекеттик жетекчиликтин оозунан стабилдүүлүктү орнотуу деген сөздү көп укканын айтты. Мисалы, президент Бакиевден биринчи беш жылдыктагы эң башкы максаттарын сураганда анын бири катары стабилдүүлүктү айткан. Бул жолугушууда айрым депутаттар да өлкөдө стабилдүүлүк орнотуу жөнүндө ойлорун айтышты. Бирок Том Дайн стабилдүүлүк дегенде ал америкалык аң-сезиминде эскинин баарын мурдагы калыбында калтыруу дегенди түшүнөөрүн айтты.
Том Дайн депутаттарга «Кыргызстанда 24-мартта чыныгы революция болдубу?» - деген суроо узатты. «Азаттык» радиосун орус тарыхыныдагы декабрчыларга салыштырган депутат Кубатбек Байболов Кыргызстанда революция болгон жок, ал дале уланып жатат, соңуна чыга элек, деп билдирди. Ал эми Кабай Карабеков революция эмес төңкөрүш болду деди:
- Мен бул окуяга катышканыма өтө өкүнөм. Тилекке каршы, бүгүн көпчүлүк адамдар ушинтип ойлоп атышат. Революция дегенде система түп тамырынан алмашышы керек болчу. Бизде болсо бир үй-бүлөнүн ордуна башка үй-бүлө келди. Азыр Аскар Акаевдин тушундагыдан да ого бетер коррупциялашкан өкмөт келди.
Кабай Карабеков мындан сырткары «Азаттык» учурда Кыргызстанда улуттук радиого айланып калганын айтып, мамлекеттик делген теле жана радиокомпаниялар жеке бир адамдарга кызмат кылат, деп билдирди. Анын айтымында, Улуттук телеканал мурда Аскар Акаевге кандай кызмат кылып келсе азыр Курманбек Бакиевге кызмат кылып жатат.
Жолугушууда өкмөттүк массалык маалымат каражаттарынын тагдыры жана сөз эркиндигин чектеген айрым мыйзамдык нормаларды жокко чыгаруу жөнүндө да сөз болду. Депутат Байболов бул багытта мындай деди:
- Мына азыркы бийликке келгендер өкмөттүк маалымат каражаттарды коомдук кылабыз деген ураан менен келишкен. Эми болсо баары артка кетенчиктеп калды. Вице-премьер Адахан Мадумаров КТРди сындап эле атчу эмес беле? Эми болсо Улуттук телеканалга тийбеш керек, деп сүйлөп калды. Украина 2 саатта Конституциясын өзгөрттү. Биз болсо эки гезитти коомдук кылуу маселесин 6 айдан бери чече албай келатабыз. Бул чечилбейт дагы.
Жолугушууда 24-марттагы окуяга тарых өзү баа берет, деген оюн депутат Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Анын пикиринде, учурда Кыргызстанда Конституциялык реформа жасалмайын бийликте элдик президент отурушу кыйын. Жантөрө Сатыбалдиев чет элдик конокторго ыңкылаптан кийинки алты айда азыркы бийлик саясий эркин көрсөтө алган жок, деп билдирди.