Ооган президенти Хамид Карзай ушул аптада иш сапары менен Францияда болду. Париждеги сүйлөшүүлөрдө француз жетекчилиги ага алар БУУнун мандаты астында коопсуздукту сактоого жардам берип жаткан чет элдик аскерлер менен согушкерлерге каршы аскерий операцияларга тартылган күчтөргө өз-өзүнчө командачылык жүргүзүлүүсүнө артыкчылык беришерин билдиришкен. Себеби ооган президенти Хамид Карзай сентябрдын ортосундагы парламенттик шайлоодон кийин эле алдыда ушул эки миссияга тең командачылыкты НАТО аларына үмүттөнөрүн айта баштаган эле. Мындай турумду Ооганстандагы аскерлеринин санын кыскартууну көздөп жаткан АКШда колдойт.
НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффердин ушул аптадагы билдирүүсүнө караганда, уюм Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн саны дагы алты миңге көбөйтүүнү белгилөөдө. Учурда Ооганстанда НАТО башкарган 10 миңдей жоокер турат. Мындан сырткары Ооганстанда АКШ баштаган коалициянын 20 миңдей аскери бар. Алар өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында Талибандын калдыктары менен күрөшүүдө. НАТО эми келерки жылы өзүнүн кошумча контингентин ушул түштүк аймакка жайгаштырууну пландоодо.
Кооопсуздук сактоо миссиясы менен аскерий операцияларга тартылган аскерлерге командачылык кылууну бир колго алуу маселеси НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин өткөн айдагы жыйынында кеңири талкууланган эле. Анда министрлер бул эки күчтүн ортосунда тыгыз байланыш болорун макулдашкан. Уюмдун расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Ооганстандагы азыр АКШ жетектеген антитеррордук операциянын болчок командачылыгына байланышкан маселе алдыдагы айларда талкууланмакчы. Коргонуу маселелерине адистешкен британиялык аналитик Иан Кемп жогорудагыдай талкуулардын чыгышы таң калыштуу эмес экенин айтат:
- Франциянын билдирүүсү НАТОнун айрым өлкөлөрүнүн, анын ичинде Германиянын соңку бир нече жылдан берки саясатына дал келет. Албетте андай саясат АКШ баштаган коалиция Ооганстанга аралашкандан тарта башталган. Франция, Германия жана НАТОдогу башка өнөктөштөр уюм аскердик операцияларга жоопкерчилик алышын көргүсү келбейт. Мындай каалоо такай болгон эмес.
Аналитик Иан Кемп кошумчалагандай, ал Вашингтондун командачылык бир колго өтүшүн колдоосу АКШда Ооганстандагы жакынкы парламенттик шайлоодон кийин аскерлерди кыскартуу зарылчылыгы жаралганына негизделген:
- Мында эч шек жок. Америкалыктар Ооганстандагы операцияларга командачылык кылууну НАТОго өткөрүп, көңүлдү толугу менен Иракка бурууну көздөйт. АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүнүн көпчүлгү Иракка кошумча аскер жиберүүгө даяр эмес экенин билет. Аскер жиберип алгандардын айрымдары аларды кайра чакыртууну талап кылган ички кысымга кабылганына биз буга чейин эле күбө болдук. Ирактагы миссия популярдуу эмес. Менимче АКШ НАТОдон дагы башка өлкөлөр Иракка барбасын түшүнөт. Андыктан алар НАТО Ооганстанда көбүрөөк роль ойноосун көргүсү келет.
Ал эми ооган президенти Хамид Карзай НАТОну эки ишке тең командачылыкты алууга АКШнын кысымы астында чакырып жатат деген ырастоолорго кандайдыр бир тикелей далил жок. Бирок Париждеги Эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Доминик Моисинин пикиринде, мындай сындарды түшүнүүгө болот:
- АКШсыз Хамид Карзайдын режими ордунда тура албайт. Ал АКШга милдеткер экенин билет. Глобалдык жактан айтканда Ирак менен салыштырмалуу Ооганстандагы жагдай кыйла ийгиликтүү.
Айтор акыры барып, НАТО Ооганстандагы аскерий операцияларга командачылыкты өзүнө алган күндө, коргонуу маселесине адистешкен британиялык аналитик Иан Кемптин пикиринде, АКШнын бул жерде аскерий техникалары менен жабдууларына таянып иш кылмакчы. Франция жана Германия бул маселедеги турумун өзгөртпөгөнү менен америкалык аскерлер башка жакка көчүрүлгөндө, НАТОнун Ооганстанда көбүрөөк жоопкерчилик алуусуна тоскоол боло албайт.