Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН КУРАМЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ


6-октябрда президенттин жардыгы менен Конституциялык кеңешменин жаңы курамы жарыяланды. Ага ылайык, курамдын саны 114төн 277ге жеткирилди. Алгачкы жыйынын кеңешме 13-октябрда өкмөт үйүндө баштамакчы.

Жаңыдан түзүлгөн Конституциялык кеңешменин курамында коомчулуктун ар кыл өкүлдөрү: юристер, ишкерлер, мугалимдер, аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин, өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү бар. Бирок 25-апрелде Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн Конституциялык кеңешмеде бийлик менен атуулдук коомдун өкүлдөрү жарым-жарымдан болсо, бул ирет андай теңдөөчүлүк бийлик өкүлдөрүнүн пайдасына бузулган. Ошондой эле биринчи курамда аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө караганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны көп болсо, бул ирет тескерисинче болуп калган.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев кеңешменин курамына коомчулуктун ар кыл өкүлдөрү киргизилди деп, Конституциялык реформанын негизги багыттары тууралуу буларды билдирди:

- Биз сөзсүз түрдө саясий партияларга жол ачып беришибиз керек. Алар парламентке шайланып, андан кийин күчтөнгөндөн кийин өкмөттү түзө башташ керек. Экинчи чоң максат, президент жана экс-президенттин кол тийбестиги өз билемдикке жол ачып беришин жоготушубуз керек. Ошондо гана биз жооптуу президентке, жооптуу өкмөткө ээ боло алабыз. Ошол эле кезде депутаттардын да кол тийбестигин дагы бир жолу карап чыгышыбыз керек.

Данияр Нарынбаев ошондой эле бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары негизинен теңделген, деп эсептейт.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган кеңешменин курамын сынга алды:

- Эми Конституциялык кеңешме 277 адамдан туруптур. А эмне үчүн 300 эмес, 500 эмес, же миң эмес? Андай эле ар бир күчтүн өкүлдөрү кирсин дешсе, эмне 277 адамдын ичине Бекназаров, Отунбаева, Кадырбеков, Кошоев, Бегиш Ааматов Рамазан Дырылдаев батпай калдыбы? Алар эмне себептен кирбей калды? Ошондуктан биз курамын байкап туруп эле, Акаевдин жолуна түшкөнүн байкап турабыз.

Эдил Байсаловдун пикиринде, администрацияга көз каранды, өз пикири жок адамдарды көп чогултуу менен бийлик маселени добуш менен өз пайдасына чечүүгө шарт түзүүдө.

Ал эми “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова кандай болгон күндө да бул Конституциялык реформадан илгерилөөнү күтүп жатканын билдирди:

- Мурунку формат, курам бузулуп жатат бүгүнкү күндө. Биз мырза Бакиевдин төрага болгонуна каршы эмеспиз. Бирок аны парламент өзү эле чечип койгонуна жакшы болбоду. Бирок негизгиси дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде, кыргыз коомчулугу эңсеген Конституцияны түзүүнү баштасак, биз үчүн оң кадам болот. Ошондуктан бул ишке мен бүгүнкү күндө позитивдүү караймын.

Жогоруда белгиленгендей Конституциялык кеңешме өз ишин 13-октябрда баштайт. Кеңешме буга чейин даярдалган долбоор, элден түшкөн сунуштардын негизинде жаңы долбоорду даярдап, аны 10-ноябрга чейин жалпы элдин талкуусуна коюуга тийиш. Андан кийин долбоордун акыркы варианты 25-декабрга чейин иштелип чыгууга тийиш. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин айтымында, андан кийин Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүүнүн процедураларына ылайык иш жүргүзүлөт. Бирок азыркы кезде долбоорду жалпы элдик референдум, же Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алыш керекпи деген маселе ачык бойдон турат, деп белгиледи Данияр Нарынбаев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG