Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

“КЫРГЫЗСТАН” КООМДУК-САЯСИЙ КЫЙМЫЛЫ БИЙЛИККЕ ОППОЗИЦИЯ БОЛБОЙТ


8-октябрда “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын жыйыны болду. Анда кыймыл атынан Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жактырылды жана өкмөт курамына дайындалган мүчөлөр боюнча чечим кабыл алынды.

Март ыңкылабынын негизги жетектөөчү күчтөрүнөн болгон Кыргызстан элдик кыймылы президенттик шайлоодон кийинки курултайында “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы болуп түзүлгөн. Кыймылдын аткаруу комитетинин төрагалыгына Алишер Абдымомунов, орун басарлыгына Данияр Үсөнов, Топчубек Тургуналиев шайланып, төрагалыкты болсо координациялык кеңештин мүчөлөрү кезек менен аткарат деп чечим кабыл алынган эле. Мына эми 8-октябрда кыймылдын координациялык кеңешинин жыйыны болуп, анда алфавит эрежесине ылайык, Азимбек Бекназаров кыймылдын төрагалыгына бекитилди. Андан сырткары мамлекеттик кызматка дайындалгандар кыймылга мүчөлүгүн убактылуу токтотту. Өз чечимин каржы министри Акылбек Жапаров мындайча билдирди:

- Өкмөттүн мүчөсү болуп шайлангандыктан биз кыймылга мүчөлүгүбүздү токтотууну чечтик. Ошондой кайрылуу менен координациялык кеңешке арыз бердик. Алар мүчөлүктү убактылуу токтото турсун деген чечим кабыл алышты.

Кыймылдын бийликке карата позициясы тууралуу Акылбек Жапаров буларды белгиледи:

- Кыймылдын мүчөлөрүнүн баары белгиледи - ыңкылаптын башында кыймыл турган. Ошондуктан бүгүнкү өкмөттү, президентти биз колдойбуз. Ошонун себебинен өкмөткө барган мүчөлөрүбүздү да колдойбуз. Ал эми калганыбыз саясий турмуш менен алектенели, өкмөткө баргандар экономиканы көтөрүүгө салым кошкула, деп тапшырма берилди.

Ал эми билим берүү министри Досбол Нур уулу жыйында талкууланган маселелер тууралуу буларды билдирди:

- Бул кезектеги жыйын болду. Биз өкмөт мүчөсү болгонубузга байланыштуу өзүбүздүн мүчөлүгүбүздү убактылуу токтоттук. Экинчиден, Конституциялык реформа маселеси каралып, ал боюнча активдүү иштеп, өзүбүздүн вариантты даярдап чыгалы деген чечимге келдик.

Маалым болгондой, Конституциялык кеңешме өз ишин 13-октябрда баштайт. Бул мезгилге карай биздин долбоор да даярдалат. Анда биз өлкөнүн парламенттик бийлик системасына өтүүсүн жактайбыз, деп белгиледи «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров. Азыркы бийликке болсо оппозицияда болбойбуз, дейт Азимбек Бекназаров:

- Оппозицияга чыкпайбыз. Азыркы бийликте биздин адамдар, ыңкылаптан кийин келген бийлик турат. Бирок өзүбүзгө-өзүбүз сын көз менен карап, эмнеге жетише алдык, кайсыл жерде катачылык кетирдик, кайсыл жерде кандай болуш керек эле деп, азыркы президентке өзүбүздүн сунушубузду беребиз. Президентке болсо айта турган маселелер абдан көп.

Кыймылдын координациялык кеңешинде бошоп калган Түндүк, Аксы жана Кадамжай шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер көрсөтүлдү. Маселен, Аксыдан Азимбек Бекназаров, Түндүк шайлоо округунан Роза Отунбаеванын талапкерлиги көрсөтүлдү.

Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен бекитилген Конституциялык кеңешменин курамына «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылынын бир катар лидерлери кирбей калган. Ошого байланыштуу кыймылдын бир катар мүчөлөрүн кеңешменин курамына киргизүүнү сунуштап, президентке кайрылабыз, деп белгиледи Азимбек Бекназаров.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG