Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ ПАРЛАМЕНТКЕ БАРГЫСЫ КЕЛЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Мурдагы өкмөт башчы Николай Танаев Түндүк округу боюнча депутаттыкка ат салышаарын жарыялап, Борбордук шайлоо комиссиясына арызын берди. Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында 6 күн жатып чыккан. Коомчулукта мурдагы премьер-министр кылмыш жоопкерчилигинен кутулуш үчүн парламентке баргысы келип жатат деген пикирлер да жок эмес.

Башкы прокуратура Николай Танаевге мамлекеттик казынага ири өлчөмдө акчалай зыян келтирген деген айып менен кылмыш ишин козгогон. Экс-премьер-министр 23-августтан бери сурак берип жүргөн. Ал 6-сентябрда Казакстанга кетип бараткан жеринен кармалып, баш коргоо чарасын өзгөртүү менен дароо камакка алынган.
Николай Танаев Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абаганыда 6 күн жаткандан кийин бошотулган.

Адвокаты Максим Максимович билдиргенге караганда, иши сотко өтө элек, Николай Танаев маал-маалы менен суракка чакырылып атат. Айыпталуучу өзү болсо мындай айыптарга эч кандай негиз жоктугун айтып, саясий куугунтук катары бааларын журналисттерге бир нече курдай билдиргени бар.

Март окуясынан кийин Москвада жүрүп кайткан мурдагы өкмөт башчынын парламентке ат салышаары белгилүү болду. Юстиция министри Марат Кайыпов кылмыш иши козголуп аткан адамдын шайлоого катышуусунун юридикалык чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Конституция боюнча ар бир атуул депутаттыкка ат салышууга укуктуу. Эгер ага кылмыш иши козголуп аткан болсо да шайлоого катыша алат. Себеби бир нерсеге күнөөлүү экенин сот гана аныктайт. Андыктан Николай Танаевге соттун өкүмү чыга элек болгондон кийин ат салыша алат. Эгер сот күнөөлүү деп таба турган болсо, анда депутаттыкка баруу укугунан ажырайт.

Министрдин пикиринде, Николай Танаев кылмыш жообунан кутулуунун амалын издеп, депутаттык кол тийбестикти көздөп атат.

Коомчулукта Танаев мырзанын бул кадамына ар кыл ойлор айтылууда. Коммунисттик партиянын лидерлеринин бири, мурдагы парламенттин депутаты Орозбек Дүйшеев Николай Танаев жандалбастап атат дейт:

- Николай Танаев Кыргызстандагы азыркы ушул кырдаалга күнөөлүү Акаевден кийинки экинчи адам. Азимбек Бекназаров кызматтан кетти, эми тартип коргоо органдары бул ишти адилет чечет деп үмүттөнөм. Танаев азыр жандалбастап атат, орустун бир жакшы макалы бар. Сууга чөгүп бараткан киши саманга да жабышат деген. Ошонун кейпин кийип атат да.

Николай Танаев 6-сентябрда камакка алынганда анын адвокаты Максим Максимович Орусия бийлигине жана Орусиянын Бишкектеги элчилигине кайрылуу жолдогон. Айрым байкоочулар Николай Танаев Кыргызстандагы башка улуттун өкүлү экенин да эске алуу керек дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков бул маселеде этияттыкка чакырат:

- Бул маселе эл аралык мамилелерге терс таасирин тийгизбеши керек. Азыр ансыз да орус улуту агылып көчүп кетип атат. Орусияга деле мисалы, орус улутундагы мурдагы чиновникти ушинтип камап, кылмыш ишин козгоп атат деген маалымат жетпей койбойт. Бул маселеде өтө этият болушубуз керек.

Николай Танаев иши сотко өткүчө шайлоого катышып үлгүрөбү, сот жараяны кандай болот аны убакыт көрсөтөт. Ал эми Николай Танаев өзү болсо азырынча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG