Турсунбай Бакир уулу бул жолку маалымат жыйынын өзүнүн Конституциялык кеңешменин курамына кирбей калгандыгы менен баштады. Ал 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды иштеп чыгууга активдүү катышкандыгын жана бул боюнча тажрыйбасы мол экендигин айтып, Кеңешменин курамына өзүн жана оруча, кыргызча билген бир кызматкерин киргизүүнү өтүнүп, мамлекет башчыга кат жолдогондугун маалымдады. Ал эми өзүнүн кеңешменин курамына кирбей калышын Турсунбай Бакир уулу мындайча түшүндүрдү:
- Мүмкүн бул техникалык ката. Мүмкүн бул президенттин айланысындагылар менин президенттик шайлоого тартынбай катышкандыгым үчүн өч алышты.
Ошондой эле ал өзүнүн кызматкерин кеңешменин курамына сунуштап жаткандыгынын себеби боюнча буларды айтты:
- Баш мыйзамдын долбоору мамлекеттик тилде жазылыш керек. Биз дайыма адегенде орус тилинде жазып, анан кыргызчага которобуз. Ошондуктан орусча менен кыргызчасынын ортосунда олуттуу айырмачылыктар орун алууда. Андыктан биз кеңешме курамына Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын жетекчиси Барно Сабированы сунуштайм. Ал орусча да, кыргызча да жакшы билет.
Андан соң Акыйкатчы чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан Кыргызстандыктарды өлкөдөгү бардык жогорку бийлик органдарына катыштыруу керектигин айтып, жакын арада Баш мыйзамга мындай өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи:
-Чет өлкөдөгү кыргыздарды Кыргызстандагы бардык бийлик органдарына жана шайлоолорго катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарыл деп Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек.
Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу чет өлкөдөгү кыргыздардын ошол өлкөлөрдө жашап, иштөөсүнө жеринде көмөк көрсөтүп, алардын Кыргызстанда ишкана ачуусуна толук шарт түзүп берүү керек деген оюн билдирди:
- Байыган кыргыздар тарыхый мекенине келип, ишкана ачам десе, аларды салыктардан бошотуу керек.
Дагы бир айта кетүүчү нерсе, өткөн аптада Жогорку Кеңеш Каракече көмүр кениндеги абалды талкуулаган. Талкуу соңунда депутаттар көмүр кенин басып алгандарга кылмыш ишин козгоону жана ал жердеги талаштуу маселени бир аптанын ичинде чечүүнү Кыргызстандын бардык тартип коргоо органдарына тапшырган токтом кабыл алышкан. Бул күнкү маалымат жыйында Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Каракечедеги кырдаалды күч колдонуу менен чечүүгө каршы экендигин билдирди:
- Менин оюмча милиция күч колдоно турган болсо, эл менен тартип коргоо орган кызматкерлери кагышып кетет. Чыр-чатак болот. Ошондуктан бул маселени мамлекет башчы Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Феликс Кулов ошол жерге барып, маселени жеринде чечиш керек.