Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

АКШ ООГАН ЭЛИН БИР КЕЗДЕГИДЕЙ ЖАЛГЫЗ КАЛТЫРБАЙТ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс 12- октябрда Кабылда бир күндүк ырасмий сапар менен болду. Райс айым президент Хамид Карзай жана башка ырасмий адамдар менен кездешүүдө, Кошмо Штаттары Ооганстандын узак мөөнөттүк өнөктөшү экенин белгилеп, Вашингтон бир кезде Ооганстанды жалгыз калтырып, жаңылыштык кылганын айтты. Ошондой эле сентябрда Ооган жеринде өткөн парламенттик шайлоого жогорку баасын берди.

Шейшемби күнү Кыргызстанда болгон Кондолиза Райс 12-октябрда Ооганстанда сапарын улантты. Бул АКШнын Мамкатчысынын Кабылга экинчи мертебе келиши. Райс айым ооган президенти Хамид Карзай менен өткөн сүйлөшүүдөн кийин, Ооганстандагы жагдайды мындайча мүнөздөдү:

- Ооганстан демократияга темине баратканы менен дүйнөгө дем берүүдө. Ийгиликтүү өткөн президенттик шайлоодо Карзай Ооганстанда эл шайлаган биринчи президент болуп калды. Андан соң Парламент шайланды. Бул эки окуя кубаттуу жана демократиялуу Ооганстанга пайдубал болорун биз тана албайбыз.

Райыс айым Карзай менен маң аткезчилигине каршы күршүү маселесин талкуулашканын да билдирди:

- Биз Ооганстандын чөлкөмдөгү мааниси жана чөлкөмдүк экономиканы кайра куруу жөнүндө да баарлаштык. Ооганстан өз учурунда бүтүндөй чөлкөмдү бириктирген көпүрө болгон. Мырза Президент азыр айтып кеткендей, биз маңзаттарынын проблемасын да талкууладык. Биз башкы өнөктөшүбүз британдар менен чогуу бул ишке көмөктөшүүдөбүз жана өз аракетибизди дагы эки эселеп көбөйтөбүз.

Мамкатчы 1979-жылы советтик аскерлер Ооганстанга киргизилгенде АКШнын ооган элин жалгыз калтырып жаңылганын, эми андай кадамга барбасын, ошондой эле эки тарап чөлкөмдөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн кызматташаарын белгилей өттү:

- Кошмо Штаттары Ооган элинин узак мөөнөттүк кызматташы. Биз (ооган элин) бир кездегидей таштап кетпейбиз. Бул биз үчүн ката болду, бул ооган эли үчүн да ката болду.

Райс айым келерден бир аз илгери Кабыл шаарындагы Канаданын элчиканасынын сырт жагына ракета тийип, күзөтчү жарадар болду. Башка бир ракета өкмөттүк имараттардын бирине тийди. Ракета чабуулдары үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Мохаммад Юсуф “Азаттык” радиосунун кабарчысына берген интервьюда ооган элинин душмандары өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту көрө албай жатканын айтты:

– Ооганстандагы тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн душмандары ар качан Кабылдагы жана башка жерлердеги коопсуз жагдайды бузгулары келет. Алар ар дайым ушундай аракеттерди жасашууда, бирок алар ийгиликке жетишпейт.

Талиптердин калдыктары жаз айларынан бери Ооганстандын түштүк жана чыгыш аймактарында кол салууларын көбөйтүшкөн. Андан кеминде 1300 адамдын өмүрүнө зобун болду. Шаршемби күнү эле Кандагарда жана Урузган провинциясында согушчандардын огуна кабылып, беш ооган жараны жана алты полициячы өлдү.

XS
SM
MD
LG