Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

АМЕРИКАЛЫК ГЕНЕРАЛ «АЛ-КАЙИДАГА» КАРШЫ БАШКАЧА ЫКМА МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮ СУНУШ КЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Америка Кошмо Штаттарынын чалгындоо кызматы “ал-Кайида” террордук уюмунун башчысы Осама бинЛадендин орун басары Айман ал-Завахиринин “ал-Кайиданын” Ирактагы уюмунун башчысы Абу Мусаб ал-Заркавиге жазган катынын текстин жарыялады. Чалгындоо кызматынын айтымында, анда бин Ладендин орун басары ал-Заркавини бейкүнөө мусулмандарды өлтүрүүнү токтотууга чакырган. Ошону менен бирге бул каттан “ал-Кайида” уюму кадырэсе согушкер топ эле эмес, бирдиктүү стратегиясы бар чоң уюм экени таасын байкалат. Осама бин Ладендин орун басары ал-Заркавини америкалык аскерлер Ирактан чыгып кетери менен бийликти басып алып, андан соң исламдык мамлекетти бүткүл Жакынкы Чыгышта орнотууга чакырган.

Бул каттын жарыяланышы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуя болгон жок, анткени ушундай маанидеги каттын табылгандыгын ырастаган маалыматтар өткөн жумада тараган. АКШнын улуттук коопсуздук кызматынын кеңсеси тараткан маалыматтарга караганда, документ чалгынчылардын колуна Ирактагы антитеррордук операциялардын учурунда тийген. Каттын өзү 9-июлда жазылган.

АКШнын "Херитэдж Фаундэйшен" корунун кызматкери, тышкы саясат боюнча эксперт Жэймс Филипстин пикиринде, бул документ «ал-Кайиданын» максаты АКШнын демократияны орнотуу аракеттерине каршылык көрсөтүүдөн алда канча чоң экенин, Осама бин Ладен мусулман дүйнөсүндө Ислам Халифатын орнотуу мүдөөсүн көздөп жаткандыгын айгинелөөдө.

Ошону менен бирге эле документтин жумшак жана сылык жазылганы, бул кат ал-Заркавиге берилген буйрук эмес, астейдил инструкция экенин айгинелеп, Ал-Заркавинин «ал-Кайиданын» ичиндеги позициясы жөнүндө маалымат берет.

- Заркавинин позициясы «ал-Кайиданын» саясаты менен эч качан толук үндөш болгон эмес. Менимче, бин Ладен менен Завахири аны «ал-Кайиданын» Месопотомиядагы командири деп, ал өзүлөрүнө кооп келтирген үчүн эле аташкан. Анткени алар Заркавинин Иракта алардын өөдө иш жүргүзүп жатканына көзү жеткен. Бирок ал-Заркави алардын идеологиясына эч качан төп келген эмес.

Бул жерден Филипс ал-Заркави теги иорданиялык түрмө туткуну болгондугун жана өмүр бою зордукчул чөйрөдө жашап келатканын белгилейт. Ал эми бин Ладен менен ал-Завахири зордукчул аракеттерге барганы менен жакшы тарбия жана билим алган адамдар.

АКШнын отставкадагы генералы Кеннет Аллард «ал-Кайиданын» алысты мелжеген стратегиясы бар экени мурдатан белгилүү болгонун , ошону менен бирге эле «ал-Кайыданын» стратегиясы өзүнө каршы чыккандарды жөн эле өлтүрө бербестен, жалпы мусулмандардын колдоосун алуу, алардын колдоосуна ээ режимди түзүү экенин кошумчалайт:

- Ал-Кайыдачылар келесоо эмес. Алар жазган каттан пруссиялык офицер Карл фон Клаузевицтин согуш жөнүндө айткандары туура экенине дагы бир жолу ынанасың. Клаузевиц согуш бул саясаттын башка каражаттар менен улантылышы, деп айткан. Тактика стратегияга таасирин тийгизет. Бул катта ал-Завахри ал кылган иш мусулмандар мусулмандарга каршы согушуп жатышат, деген түшүнүктү пайда кылбашы керек экенин кыйытат.

Бул жерден генерал «ал-Кайидага» каршы согуш жөнөкөй согушка окшошпосун, анда жеңип чыгуу үчүн кансыз согуш жылдарындагыдай стратегияны кармануу керек, деген пикирин билдирет. Суук согушта жеңишке жетишүүгө Советтер Союзунун идеологиясы менен конфронтациялашуу жардам берген. Азыр да Батыш «ал-Кайидага» каршы ушундай стратегияны колдонуп, мусулман интеллигенциясынын көмөгүнөн пайдалануусу керек. Батыш жөнөкөй мусулмандарды сөзгө тартып, алардын Батышты эмне себептен сындап, эмне үчүн жактырбай жатканын түшүнүүсү керек. Генерал Аллард АКШ душманды өлтүрүү аркылуу жеңе албасын, тескерисинче, жеңиш душманды азыраак өлтүргөндө келе турганын баса белгилейт.

XS
SM
MD
LG