Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

ИРАКТА ЖАЛПЫ ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМ ӨТӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Ишемби күнү Иракта бүткүл элдик референдум өткөрүлөт жана ага өлкө Конституциясынын жаңы долбоору коюлуп жатат. Эгер Конституция жактырылса, 15-декабрда Иракта жаңы парламент шайланат.

Үстүбүздөгү жылдын январында Иракта убактылуу парламент шайланган жана анын негизги максаты - өлкөнүн жаңы Конституциясын даярдоо болгон. Долбоор анча-мынча кечигүү менен жайында даярдалып бүттү, бирок өлкөнү көптөгөн жылдар бою башкарган сунни жамааттары аны жактырган жок. Анткен менен Ирак калкынын төрттөн үчүн түзгөн шийилер менен күрддөр аны жактыргандыктан, долбоор кабыл алынган жана эми элдик референдумга коюлууда.

Суннилер менен дагы көптөгөн сүйлөшүү жүргүзүлдү жана 12-октябрда - референдумга үч күн калганда - долбоорго бир нече толуктоо киргизилди. Суннилердин айтымында, Конституция мурдагы текст боюнча кабыл алынса, ал кийин өлкөнүн эки-үч башка мамлекетке чачырап кетишине жол ачмак, анткени күрд автономиясына өтө эле көп укук берилген жана Ирак көптөгөн улуттар менен диндегилердин өлкөсү деп жазылган. Ошондуктан долбоорго - Конституция өлкөнүн биримдигин кепилдейт деген сөздөр кошулду.

Андан тышкары, мурдагы текстте күрд автономиясында күрд тили расми тил катары таанылат деп белгиленген, эми ал беренеге кошумча киргизилип, автономияда араб жана күрд тилдери колдонулат деп жазылды. Дагы бир кошумча боюнча, Конституциянын тексти 15-декабрдагы шайлоодон кийин дагы өзгөртүлүшү мүмкүн.

Ирак бийлиги менен америкалык жетекчилик - добуш берүүгө аз адам келиши мүмкүн деп тынчсызданат. Ошондуктан шайлоочулардын тизмелери дагы бир жолу такталды жана алардын жалпы саны азыр 15 миллион 600 миң адам, январдагы шайлоо алдында 14 миллион 300 миң шайлоочу катталган. Шийилер менен күрддөр өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгн түзгөндүктөн, алар суннилердин каршылыгына карабай Конституцияны өздөрү жактырып алышы мүмкүн, ошондуктан бул диний азчылыкка кошумча укук берилди. Эгер өлкөнүн 18 провинциясынын үчүндө Конституцияга каршы добуш берилсе, ал кабыл алынбайт. Провинцияда катталган шайлоочулардын үчтөн экиси долбоорду жактырбаса, ага каршы добуш берилди деп эсептелинет.

АКШ мамлекетттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели добуш берүү демократиялуу өтүп, долбоор жактырылаарына ишенет:

- Добуш берүү алдындагы белгилер оң жана шайлоого көпчүлүк адам катышып, анын жыйынтыгы Ирак элинин жалпы мүдөөсүн чагылдырат деп ишенсе болот. Аны менен алдыга дагы бир орчундуу кадам жасалат жана 15-декабрда өтө турган шайлоого негиз түзүлөт. Демократия бекемделип, күчөп барат.

Азыр Иракта 140 миңге жакын америкалык аскер бар, эгер өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынып, эки айдан кийин жаңы парламент түзүлсө, аскерлерди өлкөдөн чыгара баштоо маселесин дагы караштырса болот. Эки жарым жылдын ичинде Иракта бардыгы болуп 1960 америкалык аскер курман болду.

XS
SM
MD
LG