Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

НАЛЧИКТЕГИ КУРАЛДУУ КАГЫЛЫШТА БЕРИ ДЕГЕНДЕ 85 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кабарда-Балкар башкы шаары Налчиктен келген кабар ар кыл болууда. Кармаштын акыркы очогу болуп аткан жумурияттык жазалоону аткаруу кызматынын башкармасынын имаратын бошотуу Маскөө убактысы боюнча, он төрттөн отуз сегиз мүнөт өткөндө болгон. Андан жарым саат мурда бир милиция бөлүмүн, бир дүкөндү кармап жаткан согушканы келгендерди жок кылуу болду деген маалымат таркаган. Налчикте болгон бир жарым күндүк согушта ырасмий булактан алынган маалыматка караганда, 70ден ашуун согушууга келгендер жок кылынып 20сы колго түшүрүлгөн. Тартип сактоо органынын 24 кызматкери окко учуп, шаар тургунданын 20га чукулу да ок жеп каза тапкан.

Кабарда-Балкар жумуриятынын баш калаасында куралдуу кагылыш аяктайын деп калды. Федералдык күч органдары кечээтен бери ок атышуу болуп аткан эки очокту алары менен операция аяктады деп ырасмий маалымдоо таркатты. Бирок анализчилер колуна курал алып, бийликке кыр көргөзгөнү чыккандар кармашы дагы бир жерден тутанышы толук ыктымал дешет. Эмне дегенде, алардын кай бири тургундар арасына кире качып, изин жашырып кетишкени такталууда дешет.

Алдын ала чыгарылган жыйынтыкка караганда, Налчиктеги куралдуу кагылышта эки тараптан баш аягы 85ден кем эмес адам окко учкан. Ырасмий булак таркаткан маалыматта, өлгөндөр арасында 12 милиция кызматкери 12 жөнөкөй тургун бар. Налчикте ооруканаларга жеткирилген жарадарлар эсеби жүзгө жетет дешет.

Саясий анализчилер бул жолку кол салууну террорчулук эмес, бул куралдын күчү менен бийликти кулатуу үчүн аракет жасоо болду дешүүдө. Мамдуманын депутаты Виктор Илюхиндин ою ушундай:

- Кечээ, бүгүн Налчикте болгон окуя террочулуктун чегинен ары чыгып кетти. Мен муну козголоң деп эсептейм. Куралдуу топ уюштурган, кыйла коркунучтуу козголоң болду. Чындыгында шаар бүт бойдон козголоңчулар колунда калды. Шаардык, райондук бөлүмдөрдү, курал сатуучу дүкөндөрдү басып алуу болду. Болгондо да ал кеңселерди басып алуу күпкүндүз болду.

Бейшембиде Кабарда-Балкар президенти Арсен Каноков “кол салууга “Ярмук” жаатынын 150 согушканы келген кишилери катышты”, - деп билдирүү жайылткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин ал күнү күч органдарына Налчикти тумчуктура курчап, колунда куралы бар кишини, эгерде ал каршылык көрсөтсө ошол жерде жок кылуу тууралуу буйругун берген.

ИНТЕРФАКС агенттиги Орусия ИИМ жетекчиси Рашид Нургалиев айтканына шилтеме берип: «Налчикке кошумча бир жарым миң ИИМ аскери, 500 ОМОН кызматкери киргизилди”, - деген кабар таркаткан.

“Завтра” гезити: “Ырасмий маалыматта, Налчиктеги согушууга 150дөн 300гө дейре экстремисттер катышкан. Бирок «Кавказ» сайты Налчикке согушууга катышуу үчүн 600гө чукул боевиктер киришкенин айтууда. Чечендик жикчилдер маалыматында, күч түзүлүш органдарынын арасынан 110го чукул кызматкер жок кылынганын жазып чыкты”, - деп жазат.

XS
SM
MD
LG