Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАСЫ АКШ МЕНЕН ОРУСИЯНЫ КАЙРА ЖИКТЕДИ


“Иран ядролук программанын үстүнөн иштөөгө акылуубу?” деген суроого АКШ жана Орусия мурдакыдай эле эки башка көз карашта экенин, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айымдын Москвадагы сапары дагы бир ирет айгенеледи. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык коллегасы менен болгон кездешүүдөн кийин, Иран уранды тынчтык максатында байытууга акылуу экенин жактап, талаштуу суроону Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин алкагында жөндөөгө чакырды.

Орусия менен Кошмо Штаттары Ирандын өзөктүк программасы боюнча эки башка пикирде турганы жана эки жак өз өңүтүнөн жазбай кала берээри 15-октябрь күнү эл аралык коомчулукка кайрадан айкын болду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ишемби күнү америкалык өнөктөшү Кондолиза Райс айым менен кездешкенден кийин жасаган билдирүүсүндө Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине мүчө бардык өлкөлөр, анын ичинде Иран өзөктүк энергиянын үстүнөн иштөөгө укуктуу экенин билдирди:

- Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимге жараша жана МАГАТЭнин хартиясына ылайык, аталган келишимге мүчө ар бир өлкө уранды байытууга акысы бар.

МАГАТЭ- Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги. Уюмдун баш кеңсеси Венада жайгашкан. Вашингтон бир нече жылдан бери Иранды ядролук куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп күнөөлөп жүрөт. Тегерандын ырасташынча, өлкөнүн өзөктүк программасы электр кубатын өндүрүүгө гана багытталган жана уранды тынчтык максатында өндүрүү Ирандын зарурат укугу.

Райс айым болсо, Москвада Лавров менен чогуу өткөргөн пресс-конференцияда Ядролук каруу жаракты жайылтпоо келишими укук гана бербестен, келишимге мүчө өлкөлөргө тийиштүү милдеттерди да жүктөйт турганына көңүл бурду:

– Иран бул эл аралык системага байланыштуу көптөгөн суроолордун башын биротоло ачып алуусу үчүн биз жана Орусия европалыктарга жана башка өлкөлөргө жардам берүү боюнча жалпы пикирде экенибизди такташып алдык. Бирок ошол эле мезгилде, Ядролук куралдарды жайылтпоо келишими укук гана бербестен, өз мүчөлөрүнө милдеттенмелерди да жүктөйт.

15-октябрдагы жолугушуу Ирандын ядролук программасы боюнча талашты жөндөө боюнча да Вашингтон менен Москва эки башка өңүттө турганын күбөлөдү.

Сергей Лавровдун айтымында, Ирандын өзөктүк программасы бонча талаш Улуттур Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги-МАГАТЭнин алкагында жөндөлүш керек. Кондолиза Райс, тескерисинче, Ирандын ядролук программасына байланыштуу маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүү зарылдыгын айтты. Талаштуу маселе Коопсуздук кеңешинде каралчу болсо, АКШнын ишениминде, Иранга каршы экономикалык санкция колдонулушу толук ыктымал.

МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши кабыл алган соңку резолюцияда Иран ядролук куралдарды коопсуз сактоо боюнча талапты “толук аткарбаганы” белгиленген. Эл аралык агенттик ноябрда болчу жыйынында талаштуу маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине өткөрүү маселесин талкуулайт.

Ишемби күнү Райс айым Орусия президенти Владимир Путин менен да жолугушту. Москванын четиндеги резиденцияда өткөн бул жолугушуу тышкы иштер министрлигиндеги сүйлөшүүгө салыштырганда сыпаа мүнөздө өттү. Райс айым сүйлөшүүдө эки өлкөнүн “тыкыс кызматташуусу үчүн бекем пайдубал” бар экенине астейдил басым жасады.

Путин, өз кезегинде, АКШнын Мамкатчысынын Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистанга жасаган соңку иш сапары “өтө ийгиликтүү болгонуна”, ошондой эле Орусия, Кошмо Штаттары жана чөлкөмдөгү башка мамлекеттер терроризмге каршы чогуу күрөшүүгө жана Ооганстандагы абалды турукташтырууга кызыкдар экенине токтолду.

XS
SM
MD
LG