Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: “КЫРГЫЗСТАНДА ЭЧ КАНДАЙ КРИЗИС, ЫҢКЫЛАП БОЛБОЙТ”


Азиза Турдуева, Бишкек 15-октябрда өкмөттүн кеңейтилген кеңешмеси өтүп, анда жаңы өкмөт алдында турган башкы милдеттер белгиленди. Өкмөттүн алдына 2006-жылы ички дүң продуктунун өсүшүн 8 пайызга жогорулатуу, өнөр жай, айыл-чарба тармагындагы абалды жакшыртуу жана башка маселелер коюлду.

Кеңешмеде сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев өкмөт тарабынан жакын арада аткарыла турган башкы милдеттерге токтолду. Өлкө башчысы алды менен экономика тармагындагы абал тууралуу сөз кылып, тармакты жакшыртуу боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү. Экономикалык абалды жакшыртуунун эң башкы жолу катары өлкөдөгү иши токтоп калган өнөр жай ишканаларын кайра ишке киргизүү, иштеп жаткан ишканалардын өндүрушүн жогорулатуу, жаңы ишканаларды куруу, чет өлкөлөрдөн түз инвестицияларды тартуу жана башка факторлор белгиленди.

Президент өкмөт алдына 2006-жылы ички дүң продуктунун 8 пайызга өсүшүн камсыз кылуу милдетин койду:

- Жалпысынан Эл аралык валюта кору менен макулдашылган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылуу керек. Ал эми 2006-жылга принципиалдуу түрдө башка милдет коюлат. Ички дүң продуктунун 8 пайызга өсүшүн камсыз кылуу керек .

Курманбек Бакиев белгилегендей, Кыргызстандын тышкы саясаты да, Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринин да башкы иши экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталууга тийиш. Губернаторлор менен акимдерге иши токтоп калган ишканалардын тизмесин берүү тапшырылды.

Курманбек Бакиев райондордун акимдери тарабынан март айынан бери жүргүзүлгөн иштерди текшерүү үчүн дагы 5-6 айдан кийин барып, алардын иши боюнча жыйынтык чыгарыла тургандыгы жөнүндө айтты. Ал эми министрлер үчүн алар башкарган тармактарды жакшыртууга 2 жыл мөөнөт бериле турган болду. Президент ар бир министрликтин ишин жеке өзү анализдеп тураарын да белгиледи. Бакиев өкмөт мүчөлөрүн саясат менен алектенбестен, ишке киришүүгө чакырды.

Президент мындан ары Кыргызстанда кризистер менен ыңкылаптар болбойт деген пикирин билдирди:

- Өлкөдө кризис, бейстабилдүүлүк, революция болот деген оппоненттерге айтып койгум келет: эч кандай кризистер, революциялар болбойт. Мурдагы бийлик учурунда эркин жүргөн криминалдык кландар, мыйзамсыз жолдор менен байлык топтогон адамдар өлкөдөгү абалды курчутууга аракеттенип, бардык күчүн кайрадан саясатка жана экономикага болгон таасирин калыбына келтирүүгө бүт күч-аракетин жумшоодо. Алар ошондой эле азыр бийликте иштеген чиновниктер менен байланыш түзүү аракетин да көрүп жатышат. Эгерде бүгүн президент менен иштеп жаткан адамдардын ичинен кимдир бирөө коррупцияга аралашкан болсо, өз кызматында бир саат да калбайт.

Президент Кыргызстандын тышкы карыздарын реструктуризациялоо маселесине байланыштуу өлкөнүн тышкы карызы жакыр өлкөлөр үчүн программага ылайык кечирилиши керек деген пикирин билдирип, буларды белгиледи:

- Эми биз азыр реструктуризациялоо боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Донор өлкөлөр кедей өлкөлөр үчүн сунуштаган «HIPI» деп аталган программа боюнча биздин тышкы карыздардын кечирилишин суранышыбыз керек. Бирок айрым чиновниктер бул программа боюнча Африка өлкөлөрүнүн гана карыздары кечирилет деп, ага баруунун кереги жок деп айтышууда. Мен айттым: биз ошого баралычы, мен керек болсо, күнгө күйүп, карарып, ошолордун жыйынына барып, суранайынчы дедим.

Президент ошондой эле өлкөдө март ыңклабынан кийин коррупциянын деңгээли төмөндөгөндүгү, чогултулган салыктын көлөмү жогорулагандыгы тууралуу айтып өттү.

Президент белгилегендей, дыйкандарды кредит менен камсыз кылуу ишин тез арада жакшыртуу зарыл. Ал эми айыл чарба тармагында кооперация саясатын жургүзүү керек.

Премьер-министр Феликс Кулов президент тарабынан коюлган маселелер аткарылышына өкмөт аракет кылаары жөнүндө буларды айтты:

- Президент биздин алдыбызга конкреттүү маселелерди койду. Өкмөттө жоопкерчиликтүү адамдар иштейт. Коюлган маселелер өтө оор. Бирок биз президент тарабынан коюлган маселелер аткарылышы үчүн бардык аркетибизди жумшашыбыз керек.

Андан соң, жыйынга катышкан бир катар облус, райондордун жетекчилери өздорү жетектеген аймактагы жетектеген социалдык-экономикалык абал, орун алган маселелер тууралуу маалымат беришти.

XS
SM
MD
LG