Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

ТУРАК-ЖАЙ МАСЕЛЕСИ ДАГЫ ЭЛЕ КУРЧ


Кыргызстанда 16 миң ашуун үй-бүлө коркунучтуу жерде жашайт. Табигый кырсыктан жапа чегип, үй-жайынан ажырагандардын саны жыл санап көбөйүүдө. Ушу тапта 5 миңден ашуун үй-бүлө мамлекеттик колдоого муктаж. Өкмөт кырсыктан жапа чеккендерди үй менен камсыз кылууга 2005-жылга 127 миллион сом бөлүп берген. Бирок да бул каражат муктаж болгондордун баарына жетпейт.

Табигый кырсыктан жапа чеккендерге үй салып алууга каржылык колдоо көрсөтүү милдетин 2002-жылдан бери Өкмөттүн алдындагы курулуш департаменти ишке ашырып келатат. Буга чейин бул иш Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлчү. Департамент жетекчиси Айчүрөк Тазабекованын маалымдашынча, үч жыл ичинде 1280 кожолук үй менен камсыз болду:

- Мунун 1000ге жакыны жаңыдан курулган үйлөр, А. Артыков мырза облусту кыдырып жүргөндө жаңы түшкөн айылдарды көргөн болуу керек. Андай үйлөр Өзгөн, Алай, Каракулжа райондорунда курулган. Биз негизинен жаңы айылдарды куруудабыз. Айылга керектүү нерселер суу, электрэнергиясы, жол – баары салынган.

15-октябрдагы өкмөттүк жыйында Ош облусунун губернатору Анвар Артыков курулуш департаментинин ишин кескин сынга алды. Анын чоо-жайын облус жетекчиси мындайча түшүндүрөт:

- Сел келди, жер көчкү болду, башка болду, элге жардам керек, үй салыш керек. Ошолорго ссуда керек деп биз А. Тазабековага тизмелерди беребиз да. Анан бул Тазабекова менен болгон сөз, менде акча жок дейт. Акчаны сурабайсыңарбы десек, акчаны Минфин берсе мен алып келем дейт. Бул болгону эле ортомчу экен да.

Айчүрөк Тазабекованын ырасташынча, республикалык бюджеттен 2005-жылга 50 миллион сом, ага кошумча атайын долбоорго чегерилчү 82 миллион сом, айтор, баш-аягы табигый кырсыктан жапа чеккен 5 миңден ашуун үй-бүлөгө 2005 жылы 127 милилон сом бөлүнгөн.

- Аны биз ар бир райондогу кырсыктан жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн сандык катышына карап бөлүштүрдүк. Район жетекчилери менен иш жүргүздүк. Маселен, Ош облусу бул ишти биз июнь айында эле жүргүзгөнбүз. Район, облус жетекчи орунбасарларын чогултуп канча акча бөлүнгөнүн айтканбыз. Ош облусуна бөлүнгөн акчанын жарымынан көбү тийди. Калганын башка жерлерге бөлдүк. Ош облусуна 51%, Жалалабад облусуна 16% бөлүндү. Өкүнүчкө, Ош облусунда табигый кырсыктар көп болот.

Ош облусу губернатору Анвар Артыков бөлүнгөн акчаны муктаж болгондор дароо ала алышпайт деген пикирде:

- Ошо бөлүнгөндү деле ала алышпайт. Анан жер-жерлерде, район, айылдарда комиссиялар иштеп, ушу акча кимге керек, кимдин муктаждыгы көбүрөөк, кимге биринчи кезекте бериш керек, деп тизмени түзүп, бул жакка берсе А. Тазабекова карабайт. Өзү каалаганына гана берет. Эл макул болуп атат. 50 миңден, 60 миңден алууга макул болуп жатат. Кышка чейин башкалкан куруп алалы, ошону менен кыштан чыгалы дешсе муну укпайт. Бөлүп-бөлүп беребиз десек. Жок бизде норма боюнча 200 миң сом берилет, ошону беребиз, деп бир айылда элүү үй-бүлө болсо анын бир-экөө алып, калганы калып калышат. Буга көбү нааразы, эмне үчүн экөө алып калганыбыз калып калабыз дешет.

Бирок да губернатордун мындай пикири менен Айчүрөк Тазабекова макул эмес. Бөлүнгөн акчаны муктаждардын баарына аз-аздан үлөштүрүп бөлүп койгондон маселе чечилбейт. Баш-аягы беш миң ашуун кишиге 127 миллион сомду үлөштүрө келгенде бир үйдүн жерпайына жетерлик акча тиет, дейт А. Тазабекова.

- Губернатор мырза бөлүнгөн акчаны баарына бирдей бөлүштүрүү керек дейт. Бирөөнө 20 миң, экинчисине 10 миң сомдон тиет экен. Антип курч жагдайды жумшартууга болот дейт. Мен кысталыш кырдаалды минтип жумшартышка каршымын. Себеп дегенде он жыл – 1992-жылдан 2002-жылга чейин ушинтип келгенбиз. Үч жыл илгерээк бул механизмди жойгонбуз. Мына акча, алгын да үй салгын. Курулуш бекем көзөмөл алдында жүрөт. Ошон үчүн жыйынтык болууда. Акча кумга сиңип кеткен жок.

Анвар Артыков кырсыктан жапа чеккендер калчылдап чатырларда жашап жатышат, аларга бирдей мамиле жасалыш керек дейт.

Алдагыдай айлампадан чыгуунун бир жолу турак-жайдын милдеттүү түрдө камсыздандырылышы. Айчүрөк Тазабекова курулуш департаменти мындай сунушту өкмөткө киргизип, атайын мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бүгүн-эртең ал парламентке жолдонгону турат, деп маалымдады. Ансыз табигый кырсыктан жапа чеккендер жалгыз үмүтүн өкмөткө байлап, өкмөт жону жука бюджетинен акча өөнөп муктаж болгондорго үлөштүрүү аракетин жасайт. Жыл сайын ушул көрүнүш кайталанып келет. Суукта чатырда калып, көк муштум болуп үшүгөн адамдардын кем-карчын убагында жасап берүүгө өкмөттүн колу жука.

XS
SM
MD
LG