Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

АСКАР АКАЕВ КЫРГЫЗСТАНГА ЖАКЫН АРАДА КАЙТААРЫ КҮМӨН


Чолпон Орозобекова, Бишкек 24-марттагы бийлик алмашуудан бери Москвада жашап жүргөн экс-президент Кыргызстанга качан кайтып келээри белгисиз. Анын адвокаты болсо өлкөгө кайтып келиши үчүн коркунучтар дале сакталууда, деп билдирип жатат. Бирок коомчулукта Аскар Акаевдин келишине тоскоолдуктар жок, деген пикирлер соңку мезгилде арбын айтыла баштады.

Экс-президент Аскар Акаев орусиялык басма сөздөр аркылуу Кыргызстанга келүү ниетин бир нече курдай билдирди. Бирок бул боюнча чечкиндүү сөз айта алган жок. Анын адвокаты Максим Максимович болсо, Аскар Акаев азыр илимий иштери менен алектенип, Москва мамлекеттик университетинде дарс окуш үчүн атайын курс иштеп чыгып атканын маалымдады.

Ушул аптада айрым массалык маалымат каражаттары Орусияга иш сапар менен барган премьер-минитср Феликс Кулов Аскар Акаев менен жашыруун жолугуп, аны Кыргызстанга чакырып, коопсуздугун камсыз кылууну убада кылыптыр, деген маалымат таратышкан. Бирок өкмөттүн маалымат кызматы бул маалыматты дароо жокко чыгарды. Бирок «Интерфакс» агенттигинде болгон маалымат жыйынында Феликс Кулов Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок деп билдирди.

Экс-президенттин адвокаты Максим Максимович Аскар Акаев Кыргызстандагы окуяларга өтө тыкыр баам салып атат дейт. Ал эми Кыргызстанга кайтып келиши үчүн коркунучтар бар, коопсуздук маселелери чечилгенден кийин, өлкөдө кырдаал тынч жана туруктуу болгондо, албетте, келет дейт Максим Максимович.

Соңку убакта Аскар Акаевдин келиши үчүн шарт жетиштүү деген да пикирлер арбын айтыла баштады. «Акыйкат» партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев эл арасында азыр экс-президентке жана 24-марттагы окуяга карата пикир өзгөрө баштады дейт:

- Менимче ал азыр кайтып келсе эчтеке болбойт. Азыр эл деле түшүнгүп калды, ал кишинин ким экенин. Анын үстүнө ыңкылап тууралуу да коомчулукта пикир өзгөрө баштады. Аныдктан Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келсе, жакшы эле болот эле.

Бирок коомчулукта Аскар Акаевдин кайтып келиши өлкөдө стабилдүүлүккө коркунуч алып келет деген ойлор басымдуулук кылат. Айрыкча криминалдык топтор да баш көтөрүп турган маалда кайсы бир үчүнчү-төртүнчү күчтөрдүн кызыкчылыгындагы окуялар болуп кетиши ыктымал деп эскертишет. Ал эми айрым талдоочулар болсо Аскар Акаев үчүн Кыргызстанга келиш моралдык жактан оор болоорун айтышууда:

- Азыр экс-президент Кыргызстанга келбей эле турганы оң. Өмүрүнө деле коркунуч жок, мен моралдык жагын айтып атам. Ал киши жана үй-бүлөөсү тууралуу такталган да, такталбаган да айыптар көп айтылып жатат. Ал киши келсе сурак бериш керек болот, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев.

Экс-президенттин москвалык адвокаты учурда Кыргызстанда. 15-октябрда ага карата кандайдыр бир кол салуу болуптур деген маалымат түшүп, аны тактоо үчүн кайрылганыбызда ал буларды билдирген:

- Билбейм ким тараптан эмне болуп кетти. Кечээ түндө бир кызыктай окуя болду. Жарк деп эле бир үн чыкты, мен ылдый болгонго үлгүрдүм. Эң башкысы мен аманмын. Бирок эч кимди көргөн жокмун. Эмне болгонун түшүнбөй калдым, бирок ийнимди бир аз күйгүзүп кетти.

Бирок Максим Максимович бул окуя тууралуу тартип коргоо органдарына кайрылбастыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG