Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:32

БАШ ПРОКУРОРДУН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ АЛМАШТЫ


Буга чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев басма сөз аркылуу ээлеген кызматынан кете тургандыгын билдирип келген. Коомчулукта анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз жолдогону айтылууда. 17-октябрдагы өлкө башчысынын жарлыгы менен башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Камбаралы Конгантиев дайындалды. Айрым саясатчылар өлкөдө башкы прокурордун кайра-кайра алмаштырылышына коррупциялашкан бийлик таасирин тийгизүүдө деген пикирлерин билдиришүүдө.

Өткөн айда президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун буйругу менен Ош облусунун Карасуу шаарындагы «Туратали» базарындагы нааразылыктын чоо-жайын териштирип, иликтөө багытында атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп Бузурманкул Табалдиев дайындалган. Комиссия башкы прокуратуранын жана анын башчысы Азимбек Бекназаровдун кетирген кемчилигинен аталган базардагы нааразылык келип чыкканын жарыялаган.

Жыйынтыгында ошол кездеги башкы прокурор Азимбек Бекназаров кызматтан алынып, анын ордуна президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча бөлүмдү ошол кезде жетектеп турган Бусурманкул Табалдиев 20-сентябрда президент тарабынан башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал бир айга жетпеген убакыттын аралыгында тактап айтканда, 14-октябрда кызматтан өз каалоосу менен бошотууну өтүнүп, президент Курманбек Бакиевге арыз жолдогон.

Өткөн жумада Жалалабад облусунун Аксы районундагы «Аксы курмандыктарын коргоо» комитетинин 8 мүчөсү президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болушкан. Ошондой эле спикер Өмүрбек Текебаев, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бузурманкул Табалдиев менен жолугушуп, Аксы окуясына күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну, окуяга калыс, акыйкат баа берүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу аталган комитеттин мүчөсү Чыңгыз Төрөбеков «Азатыкка» берген интервьюсунда буларды айткан:

- Аксы районунан сегиз адам болуп келдик. Президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебеаевге, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиевге кирип маектештик. Биз Аксыда атылган алты адамдын артында калгандардын көз жашы тыйылабы, ушул маселе качан чечилет, ал окуяга күнөөсү бар адамдар жоопко тартылабы дегенибизде, президент жакын аранын ичинде Бусурманкул Табалдиев бул маселени чечип берет деди. Табалдиевдин өзү менен сүйлөшсөк, ал окуя тууралуу түшүнүгү да жок экен.

Чыңгыз Төрөбековдун айтымында, башкы прокурордун милдетин аткаруучунун мындай шалаакы мамилесинен кийин, алар мамлекет башчысына Бусурманкул Табалдиевди кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Ал эми Бусурманкул Табалдиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүүсүнө кандайдыр бир саясий себептер негиз болдубу же жогорку бийлик тарабынан кандайдыр бир кысым жасалды деген суроо менен башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүм башчысы Насиза Сумарга кайрылганбызда мындайча жооп узатты:

-Менимче, ал кызматтан кетүү тууралуу арызын өзү берди. Эч кандай кысым болгон жок. Саясий айып тагуунун кажети жокко дейм. 17-октябрда кечке маал саат беште президенттин администрациясынан келишип, башкы прокурордун милдетин аткаруучулукка парламенттин депутаты Камабаралы Конгантиев дайындалды, деп тааныштырышты.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучулугуна Жогорку Кеңештин депутаты Камабаралы Конгантиевдин президенттин жарлыгына ылайык дйындалгандыгын президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев да тастыктады.

Башкы прокурорлордун тез-тез алмаштырылышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Маселен, Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери Жыпар Жекшеевдин пикири төмөнкүчө :

- Бардык тармактар коррупцияга, кылмыш чөйрөсү менен аралашып калган мамлекеттерде башкы прокурорду кайра-кайра алмаштыруу болот. Албетте 15 жылдан бери коррупцияга белчесинен баткан бийликти бир жылда тазалай коюш мүмкүн эмес. Аны Бакиев да айтып атпайбы. Бирок эмнегедир Азимбек Бекназаров мурдакы бийлик учурундагылардын айрымдарын кылмыш жообуна тартам деп жатканда аны мага белгисиз себептер менен кызматтан алып койду. Экинчиден, башкы прокурордун милдетин мурдакы аткаруучу Бусурманкул Табалдиевдин сырын анчейин билбейт экенмин. Бирок анын өзүнүн арыз жазып кетиши табышмактуу көп сырларды пайда кылып атат. Эми башкы прокуратурага депутат Камбаралы Конгантиевди дайындап атканына эч кандай баа бере албайм. Аны мезгил көрсөтөт. Ылайым эле баарын жымсалдап жаап салбай, баардыгын аягына чыгарса экен деген үмүттөмүн. Албетте, толук кандуу ал иштерди аягына чыгарат дегенден мен алысмын.

XS
SM
MD
LG