Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

КООРТ ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЖУРНАЛИСТТЕРИ ЭКИ КҮНДӨН БЕРИ ИШ ТАШТООДО


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку эки күндөн бери КООРТ телеканалынын эмгек жамааты иш ташташууда. Алар теле каналдын жетекчилигине өз ишин билген адис адамдын келишин талап кылышууда. Ал эми телеканалдын жаңы жетекчилиги болсо эгерде журналисттер мындай иш таштоосун уланта беришсе, алар жумуштан алынаарын эскертишти.

Жабык түрдөгү КООРТ акционердик коомунун 52 пайыз акциясы “Айдыңкөл” атуу ишканага, 30 пайызы “Алга, Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү болгон Болот Бегалиевге, калганы “Учкун”, “Кыргызтелеком” ишканаларына жана Кыргыз Улуттук университетине тиешелүү. Акционердик коомдун “Айдыңкөлдөн” башка кырк сегиз пайыз акциясына ээ болгон акционерлери 15-октябрда жыйын өткөрүшүп, телеканалдын жетекчилигин алмаштырышкан. Бул жыйында директорлор кеңешинин башчысы болуп «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким шайланды. Ошондой эле телеканалдын башкы продюсери Өмүрбек Сатаев кызматтан алынып, анын ордуна Санжар Капаров жана Кыргыз улуттук телекорпорациясынын “Замана” студиясынын продюссери Азима Расулова дайындалышты.

Ошол эле мезгилде теле каналдын эмгек жамааты да экиге бөлүнүшүүдө. Айрымдары мурдагы продюсер Өмүрбек Сатаевди өз кызматында катырууну ал эми көпчүлүк журналисттер телеканалга Санжар Капаров жана Азима Расуловадан башка бирөөнү коюну талап кылышып, иш ташташууда:

- Биз өз ишин билген адис адамды жетекчиликке алып келсин деп жатабыз. Азыркы коюлган жетекчилер теле-радиону түшүнүшпөйт. Жаңы жетекчиликти каалабаган элүү кишинин жушмуштан бошотолушу туура эмес. Муну менин оюмча, жаңы өкмөт деле каалабайт. Ошондуктан жаңы бийлик акционерлер менен сүйлөшүп, биздин талабыбызды орундатып берсин деген тилек, -дейт КООРТ телеканалынын журналисти Айбек Мусаев.

Ал эми телеканалдын мурдагы продюсери Өмүрбек Сатаев баштаган топ телеканалдын жетекчилигинин алмашуусун мындайча түшүндүрүшөт:

- Менин оюмча, бул саясий максат менен гана ишке ашырылды. Анткени соңку алты айдан бери КООРТ телеканалы жаңы бийликти, жаңы президент Курманбек Бакиевди ачык сындап келет. Ошондуктан алар бул телеканалды жабууга аракет кылышууда.

Өмүрбек Сатаев ошондой эле телеканалдын жетекчилигинин алмашуусун коркутуп-үркүтүү менен мыйзамсыз басып алуучулук, деп баалады.

Мындай пикирди КООРТтун жаңыдан шайланган директорлор кеңешинин башчысы Александр Ким чындыктан алыс деп четке кагат. Анын айтымында, телеканалдын 52 пайыз акциясын убагында президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев жетектеген «Айдыңкөл» ишканасы күч менен мыйзамсыз түрдө тартып алган. Ошондуктан март ыңкылабынан кийин бул маселе район аралык сотто каралып, чечим кабыл алынган:

- Соттун чечими менен «Айдыңкөл» ишкана жетекчилигинин өзүнө тиешелүү акциясын башка бирөөгө сатуусуна же ошол акциялары боюнча добуш берүүсүнө тыю салынган. Ошондуктан калган кырк сегиз пайыз акцияга ээ болгон ационерлердин жыйын өткөрүп, чечим кабыл алышы туура.

Александр Ким журналисттер иш таштоону уланта берише турган болсо алар кызматтан алына тургандыгын эскертти.

Ушул эле күнү биз КООРТ телеканалынын жетекчилигинин алмашуусу саясий себептер менен болуудабы деген суроо менен аткаруу бийлик өкүлүнө кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

- Саясий кийлигишүү деп айтуу туура эмес. Бул телеканал бир нече акционерлерге тиешелүү. Алар кандай чечсе ошондой болот. Ошондуктан бул жерде бийликтин кийлигишүүсү менен болду деген туура эмес, - дейт президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев.
XS
SM
MD
LG