АКШга кызмат сапар менен келген ооган тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 17-октябрда Вашингтон шаарында "Эркин Европа жана Азаттык" радиолорунун баш кеңсесинде болуп, журналисттер менен жолукту. Анын айтымында, Талибан кыймылы менен ал-Каида аттуу террордук уюмдар толук жок кылына элек жана алардын калдыктары Ооганстанда дагы эле аракеттенүүдө.
Ошондуктан ал эл аралык террорчулукка каршы күрөшкөн коалиция Ооганстандын кошуна мамлекеттеринде түзгөн аскерий базаларды чыгарып кетүүгө азырынча эртелик кылат деп эсептейт:
- Террорчулукка каршы согуш Ооганстанда дагы уланууда. Бардык жетишкендиктерге карабай, согуш дагы эле аяктай элек. Ошондуктан Ооганстанга жакшылык каалаган кошуна мамлекеттер түшүнүүгө тийиш, алардын аймагындагы базалар стабилдүүлүк орнотууга салым кошуп жатат. Бул жалаң эле Ооганстандын иши эмес.
Июлдун башында Шанхай кызматташуу уюмунун Астана шаарында өткөн бийик жолугушуусунда атайын декларация кабыл алынып, анда - америкалык аскерий базалардын Борбор Азия мамлекеттериндеги калуу мөөнөтүү такталууга тийиш деп айтылган. Июлдун аягында болсо Өзбекстан анын Карши шаарынын алдындагы Ханабад базасын АКШ алты айтын ичинде чыгарып кетүүгө тийиш деген талап койду.
Кыргыз президенти Курманбек Бакиев дагы Астана декларациясына кол койгону менен, кийин Кыргызстанга АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд жана өткөн аптада мамлекеттик катчы Кондолиза Райс келгенде, Бишкек алдындагы базаны - Ооганстандагы абал жакшырмайынча калтырууга макул болду.
Америкалык айрым белгилүү саясатчылардын пикиринде, Борбор Азия жумурияттарын Вашингтонго каршы аракет көрүп, базаларын чыгарып кетүүгө Маскөө менен Бээжин үндөп жатат, анткени бул эки мамлекет регионго үстөмдүк кылууну эңсейт. Болбогондо, ал базалар эч кимге зыян тийгизбестен, стабилдүүлүк орнотууга иштеп жатат. Ташкендин болсо акыркы айларда антиамерикалык саясат жүргүзө баштаганынын себеби - май айында Анжиянда болгон кандуу окуяларды АКШ тыкан тергеп чыгыш керек деп, эл аралык уюмдардын талабын колдогон.