Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:30

ПРОФСОЮЗДАРДЫН АБАЛЫ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨ БОЮНЧА НАЧАРЛАП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Брюссел шаарында жайгашкан Профсоюздардын эл аралык конфедерациясы жакында жаңы отчет чыгарды жана анда - дүйнө мамлекеттериндеги профсоюздардын абалы талданган. Эң начар деп Колумбиядагы абал табылган, бирок мурдагы советтик жумурияттар Беларус, Молдова, Азербайжан жана Украинадагы абал дагы катуу сынга алынат.

Отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, өткөн 2004-жылы дүйнөнүн 137 мамлекетинде 145 профсоюз кызматкери өлтүрүлгөн, дагы жети жүзү сабалып же кыйналган, ал эми төрт жарым миңге жакын адам профсоюзда иштеп, жетекчилик менен мамилеси бузулганы үчүн кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Эң көп профсоюз кызматкери Латин Американын Колумбия мамлекетинде өлгөн - профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын коргогону үчүн 99 адам бул өлкөдө 2004-жылы курман болду. Отчетту даярдаган Ян Кустиевичтин айтымында, бүткүл дүйнө боюнча абал акыркы жылдарда улам начарлап баратат:

- Бүткүл дүйнө боюнча абал чындап эле начарлоодо. Профсоюз кызматкерлерине каршы куугунтуктоолор улам күч алууда жана андай куугунтуктоо өтө көп жолу сабап-кыйноо жана өлтүрүүлөр менен аяктайт.

Мурдагы советтик жумурияттарды алганда, Беларус, Молдова, Азербайжан жана Украинадагы абал өтө начар. Мисал үчүн, Беларустагы абалды иликтөө үчүн Эл аралык эмгек уюму атайын комиссия да түзүүгө аргасыз болгон. Кустиевичтин айтымында, мындай комиссия өз макамы боюнча - аскерий кылмыштарды иликтөөгө алган Бириккен Улуттардын Эл аралык трибуналына барабар.

Беларуста өкмөткө көз карандысыз профсоюздардын аракеттери катуу чектелет, өкмөт алардын ички иштерине такай кийлигишет жана керек болсо, алардын жетекчилигин да алмаштырып салат:

- Өлкөнүн негизги профсоюз уюму болгон Беларустун эркин профсоюздарынын аракеттерин чектеп, аны толук көзөмөлгө алуу үчүн өкмөт бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө.

Иликтөө жүргүзгөндөн кийин Эл аралык эмгек уюмунун комиссиясы президент Александр Лукашенканын жетекчилигине 11 талап койгон, бирок өкмөт аларды аткарган жок.

Беларустагыдай болбосо дагы, Молдова, Азербайжан жана Украиндагы абал дагы өтө начар, бул мамлекеттердин ар башка тармактарында түзүлгөн профсоюздардын аракеттери дагы өтө чектелген жана алардын жетекчилери такай куугунтуктоого алынат. Мисал үчүн, Украинада былтыр өлкөнүн Эркин профсоюздар конфедерациясынын жетекчиси Михаил Волынецтин жаш уулу белгисиз адамдар тарабынан барымтага алынып кеткен жана туткунда отурган учурунда катуу сабалган. Кийин болсо, аны - өкмөттүк коопсуздук кызматы барымтага алганы аныкталган, бирок аларга каршы эч кандай катуу чара көрүлгөн эмес.

Иликтөө Украинадагы былтыркы ыңкылапка чейин өткөрүлгөн, бирок Кустиевичтин айтымында, бийликке жаңы жетекчилер келгенден кийин деле абал орчундуу өзгөрө элек.

XS
SM
MD
LG