Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

МИТИНГ ЖАНА ПИКЕТКЕ ЧЫГУУ БОЮНЧА ЧЕКТӨӨЛӨР ЖОЮЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Бишкек шаардык кеңеши 2004-жылы кабыл алган токтомго ылайык, башкалаада нааразылык чаралар Горький эстелигинин алдында гана өтүшү керек. 24-марттагы ыңкылаптан кийин атуулдук коом өкүлдөрү бул токтомду жокко чыгарууну талап кылышууда. Шаардык кеңештин эмдиги сессиясында бул маселе каралышы ыктымал.

Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, митинг жана пикеттер башкалаадагы Горький атындагы гүлбакта гана болушу керек. Бул жер башкалаанын чок ортосу десек болот, бирок көчөдөн обочо жайгашкандыктан нааразылык чарасында тургандар ары-бери өткөндөргө көрүнбөйт. Андыктан шаардык кеңеш бул токтомдун максатына ылайык жерди тандаган десек болот. 2004-жылы январь айында ушундай норма киргизилгенден кийин атуулдук коом өкүлдөрү каршылык көрсөтүп чыгышкан.

Ага чейин Жогорку Кеңеш «Митинг, пикет жана жөө жүрүш өткөрүү жөнүндө» мыйзамды кабыл алганда да айрым чектөөлөр кирип кеткен. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюму бул мыйзамдык нормалар атуулдук эркке каршы келээрин айтып, Конституциялык сотко кайрылган. Жарым жылга созулган сот жараянынан кийин 2004-жылы Конституциялык сот бул багыттагы бардык мыйзамдар Башмыйзамга төп келсин жана аталган мыйзамдын 5-6-7- беренелери жокко чыгарылсын деген чечим чыгарган.

Бирок бийликке нааразачылык күчөп, саясий кырдаал курчуп турган убакта Бишкек шаардык кеңештин токтому режимге жакшы эле кызмат кылып берди, дешет байкоочулар. Андан бери өлкөдө чоң саясий окуялар болуп өттү. Эми атуулдук коом өкүлдөрү бул токтомду жокко чыгарууну талап кылган каттарды шаардык кеңешке жаадыра башташты.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун илдери Төлөйкан Исмаилова бул боюнча мындай дейт:

- Бул токтомду шаардык кеңеш укук коргоочуларды күтпөй эле эч кандай чыр-чатаксыз, керек болсо талкууга салбай туруп, жок кылышы керек болчу. Бул нормалар Конституцияга каршы келет, муну 2004-жылы октябрь айында чыккан Конституциялык соттун чечими да далилдеп турат.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Союзбек Салиев кезегинде бул токтом түздөн түз президенттик администрациядан түшкөнүн, аны кабыл алыш үчүн бийликтен катуу басым болгонун айтып берди:

- Акүйдөн келишкен, прокуратурадан да келишкен. Катуу басым болгон. Конституцияда жана бул багыттагы мыйзамда кенен айтылган эмес деген шылтоо менен ушул токтомду алып келишкен да.

Анын айтымында, шаардык кеңеш алдыдагы сесиялардын биринде сөзсүз бул маселеге кайрылат. Бирок ооруканалардын, мектептердин жанында пикет кылганга тыюу салынат деген өңдүү чектөөлөр болушу ыктымал.

Шаардык кеңештин төрайымы Нуржамал Байболова да буга чейин токтом конституциялык нормаларга каршы келет деген пикирин «Азаттыкка» билдирген. Ал жакынкы күндөрү атуулдук коом өкүлдөрү менен жолугушуп, бул токтомдун кандай өңүттө кабыл алынаарын талкуулай тургандыгын билдирди.

Шаардык кеңеш бекиткен эрежелерге ылайык, пикетке чыгам деген тарап алгач шаардык бийликтен уруксат алыш керек. Андан кийин нааразылык чарасы Горький эстелигинин гана алдында өтүп, ал жерге боз үй же чатыр тиккенге болбойт. Дал ушул токтомдун айынан далай пикетчилер автобустарга күч менен салынып, жондоруна милициянын таягы тийген. Шаардык кеңеш бул маселеде саясий эркин көрсөтө алабы же жокпу, жакынкы сессияларында билинет.

XS
SM
MD
LG