Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

САДДАМ ХУСЕЙНДИН СОТУ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 19-октябрда Багдад шаарында Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үстүнөн сот башталды, бирок кыска жыйын өткөндөн кийин 28-ноябрга чейин токтотулду. Саддамга көптөгөн күнөө коюлууда, бирок сот азырынча алардын бири боюнча гана жүрөт. Аны менен катар, сот адилет болоорун күмөн санагандар да көп.

Саддам Хусейн бийликке 1979-жылы келип, 2003-жылдын мартында АКШ Иракка каршы согуш баштаганда президенттиктен ажыраган жана ошол эле жылдын декабрында америкалык аскерлердин колуна түшкөн. Америкалыктар аны өлкөнүн жаңы бийлигине тапшырган жана сот жүргүзүү үчүн атайын Жогорку кылмыш трибуналы түзүлгөн.

Укук коргоочулардын айтымында, Саддам өлкөнү 24 жыл башкарган мезгилде кеминде 300 миң адамдын ажалына калган, мисал үчүн, күрддөр менен шийилер бийликке каршы козголоңго чыкканда, аларга каршы химиялык курал колдонгон, оппозиция өкүлдөрүн өлтүргөн, 1980-жылдарда кошуна Иран менен болгон согуш учурунда дагы химиялык курал колдонгон.

Анткен менен азыркы биринчи сотко - 1982-жылы Дужайл шаарында 140 адамдын өлтүрүлүшү менен байланыштуу гана материалдар берилди. Саддамдын жактоочуларынын айтымында, мындай сот өткөрүү таптакыр мыйзамсыз, анткени Ирак азыр чет өлкөлүк оккупация алдында калган мамлекет. Саддам өзү болсо сотто өз ысмын атоодон да баш тартып, соттун ыйгарымдуулугун да тааныган жок жана анын адвокаттарынын талабы менен сот 28-ноябрга чейин токтотулду.

Өткөөл мезгилдеги укук боюнча эл аралык борбордун эксперти Хэнни Мегаллинин айтымында, саясат бул иште сөзсүз бар:

- Сот жараянына дагы жакшыраак даярданып, күтсө болмок десе болот, бирок менин оюмча, саясатчылар шаштырууда. Андан тышкары, эл да күтүп жатат, эки жыл өтүп кетпедиби, аны да эске алыш керек.

Адам укуктарын коргогон "Хюман райтс вотч" уюмунун эксперти Ричард Диккердин айтымында болсо, сотту жүргүзүү ишинде мүчүлүштүктөр көп:

- Трибунал - 1971-жылы кабыл алынган Кылмыш жобосу боюнча түзүлгөн. Анын эрежелери боюнча, кимдир бирөөнү күнөөлүү деп табыш үчүн соттор келтирилген далилдерге ынанса эле жетиштүү. Мындай эреже азыркы эл аралык стандарттарга такыр сыйбайт.

Саддам өлүм жазасына кесилиши толук ыктымал. Бир топ чет өлкөлүк адис болсо сотко катышып, эксперт болуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG