Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

ЫЛДЫЙ ТАРТСА АРАБА СЫНАТ, ӨЙДӨ ТАРТСА ӨГҮЗ ӨЛӨТ ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Азербайжан прламентинин мурдагы спикери Расул Кулиев 1996-жылы Азербайжандан качып, Америка Кошмо Штаттарынын баш баана алган. 2-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган саясатчы шайлоого катышуу үчүн мекенине кайтып келаткан чакта Симферополь шаарында Интерпол тарабынан кармалды. Азербайжан өкмөтү Кулиевди коррупцияланган жана акча уурдаган, деп айыптап жатат. Бирок бул окуянын айланасында бүдөмүк сүроолор кала берүүдө. Мындай кылмыш кылган адамды Интерпол эмне себептен ал АКШда 9-жыл бою жашап жүргөн кезинде кармаган жок? Украина кармалган оппозиционерди Азербайжанга өткөрүп береби?

Украинанын Симферополь шаарынын полициясынын башчысы Расул Кулиев шаардын аэропортунда Интерпол тарабынан кармалгандыгын ырастап, ал ал жерде атайын чечим кабыл алынмайынча кала бере турганын айтты.

Кулиев түшкөн чартердик учактын Бакынын аэрпортуна келишин миңдеген азерилер күтүшкөн эле. Кулиевдин Демократиялык Партиясы Азербайжандын "Азатлык" деген Бириккен оппозициялык блогунун негизги күчү. "Азатлык" шайлоо блогу бийликте турган «Жаңы Азербайжан» партиясынын негизги аттандашы экенин кошумчалай кетели.

Бирок аэропортто күткөн миңдеген азерилердин тилеги орундалган жок. Баш аламандыктардын тутануусунан чочулаган азери коопсуздук күчтөрү аэропорттун жанына жүргүнчүлөрдөн башка адамдарды жолотпой, обочо кармап турушту. Мекенине кайтып бараткан Кулиевди коштоп жүргөн британиялык жаран, Улуттар уюмунун алкагында Боснияда кызымат өтөгөн британ бейпилдик күчтөрүнүн мурдагы командачысы, Кулиевди көз карандысыз байкоочу катары коштоп бараткан отставкадагы полковник Боб Стюарт буларды баяндайт:

- Симферополго учак май куйуу үчүн конгон эле. Азербайжандан кабарлар келип түшкөнү жакшы болду. Спутник телефон аркылуу Кулиевге Бакыда адамдар камакка алынып, аэропорт жабылгандыгын маалымдашты. Ага ошондой эле учакка Бакыга конууга уруксаат берилбей турганын айтышты. Мунун натыйжасында, биз кайра Лондонго кайтмакчы болуп, Симферополго май куйдурганы кондук.

Азербйжандын башкы прокурору Закир Гаралов алар Кулиевди мыйзам жазасына тартуу үчүн баардыгы даяр турганын, алар анын колго түшүп беришин эле күтүп турушканын баяндайт:

- Биздин түрмөлөр Еврошаркеттин стандартарына төп келтирилген жана биз Кулиев үчүн түрмөдөн атайын орун камадап койгонбуз. Аны биз көптөн бери издеп жүргөнбүз, бул ишке ал тургай Интерпол да тартылган. Ошон үчүн ал Азербайжанга келээри менен соттун чечими ишке ашырылат.

Мындан ары эмне болору Азербайжандын чечимине жараша болот, дейт Симферополь шаарынын полициясынын басма сөз катчысы Олександр Домбровский. Анын айтымында, Азербайжан Кулиевди камакка алуу жөнүндөгү чечимин ал 1996-жылы өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кабыл алган. Кулиев коррупцияланды жана мунайды кайра иштетүү заводун башкарып турган кезде 100 миллион долларды уурдап алган, деп айыпталууда. Кулиев бул кинээни четке кагып келатат.

Бул жерден Кулиевдин кылмышкер болгону чын болсо, анда аны Интерпол АКШда 9 жыл бою жашаган кезинде эмне үчүн кармабай, Кулиев Украинага келгенде эсине келди? - деген суроо жаралат. Буга Москвадагы эксперттердин бири Олег Бобинов мындайча жооп берет:

- Укук органдары тигил-же бул адамды камакка алуу жөнүндөгү өтүнүчүн Интерполдун жергиликтүү кеңсеси аркылуу Франциянын Лион шаарындагы баш кеңсеге жиберет. Баш кеңсе бул өтүнүчтү уюмга мүчө башка өлкөлөргө таратат. Бирок ал өтүнүчтү аткаруу-аткарбоону ар бир өлкө өз-өзүнчө чечет.

АКШ Кулиевди саясий баш калка сураган киши катары кабыл алган. Ошон үчүн ага карата эч кандай чара көргөн эмес.Бул жерден азыр "түстүү ыңкылаптардын флагманы" деп эсептелген Украина оңтойсуз абалда калган шекилдүү. Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса, араба сынат дегендей бир жагынан Киев Азербайжан өкмөтү менен эрегишкиси келбейт. Экинчи жагынан Украинадагы саргылжын революцияны туу туткан азери оппозициясын ирээнжиткиси жок.

XS
SM
MD
LG